Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Бишкекте кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды

0
Бишкекте кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды

Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн терроризмге каршы жыйынынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршев менен Өзбекстандын Чек ара кызматынын башчысы Салимжон Хусанов жолугушту. 

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады.

Тараптар чек араны биргелешип коргоо, делимитация жана демаркация маселелерин талкуулашты.

Эки өлкөнүн чек ара боюнча делимитация жана демаркация жараяны жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан 30га жакын саясатчы жана активист камакка алынган, алардын бир тобу ар кандай жүйө менен үй камагына чыккан,  азыр 11и тергөө абагында отурат.

20-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КМШ мамлекеттеринин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык жыйыны өттү. Анда терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, өз ара кызматташтык талкууланды.

Иш-чараны Кыргызстандын атайын кызматы уюштуруп, ага КМШнын мүчөсү болгон Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан катышты. Байкоочу катары Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Монголия мамлекеттеринин өкүлдөрү келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *