Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги ок атууну токтотконун жарыялады

0
Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги ок атууну токтотконун жарыялады

Жикчил Тоолуу Карабактын бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн ок атууну токтотуу тууралуу сунушун кабыл алганын билдирди.

"Түзүлгөн кырдаалда эл аралык коомчулуктун согушту токтотууга жана абалды жайгарууга багытталган аракеттери жетишсиз. Мунун баарын эске алуу менен Арцах Республикасынын (аймактын армянча аталышы) бийлиги орус бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгынын ок атууну токтотуу боюнча сунушун кабыл алат", - деп жазылган алар тараткан билдирүүдө.

Тараптардын макулдашуусуна ылайык, Тоолуу Карабактан армян аскерлери жана аскердик бөлүктөр чыгарылат, аймактын куралдуу түзүмдөрү толук жоюлат жана куралсыздандырылат. Ошондой эле Тоолуу Карабактан бардык "оор аскердик техника" чыгарылат.

Акыркы маалыматтарга караганда, 19-сентябрда башталган аскердик аракеттерден отуздай адамдын өмүрү кыйылды, жүздөн ашуун киши жаракат алды. Арасында балдар дагы бар.

19-сентябрда Азербайжандын Коргоо министрлиги Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялаган. Баку буга 19-сентябрдын таңында алты азербайжандык жарандын минадан мүрт кеткени түрткү болгонун жүйө келтирген.

Азери бийлиги окуяны "теракт" деп атап, аны Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынан көргөн. Жикчил аймактын бийлиги мындай дооматтарды четке каккан.

Ошондой эле мекеме аймактан армян аскерлери чыгарылганда гана тынчтык тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Армениянын Коргоо министрлиги Бакуга жооп кайтарып, Тоолуу Карабакта армян аскерлери жок экенин маалымдады.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *