Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Мадумаровдун иши: Кворум жок, депутаттык комиссия түзүлбөдү

0

Жогорку Кеңеште оппозициячыл “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүлбөдү. Бул үчүн депутаттардын добушу жетпей калды. Оппозиция парламенттеги мындай абалды Мадумаровго болгон саясий куугунтуктун уланышы катары сыпаттап жатат.

Бийликчил депутаттар башкы оппозиционер боюнча акыркы чекитти сот койсун деген жүйөнү келтирүүдө.

Добуш жетпей калдыбы же 

Оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында каралмак. Өткөн апталарда бул маселе эки ирет көтөрүлүп, улам артка жылдырылган.

Шаршембидеги жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрү Мадумаровдун камакка алынышын жана коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча комиссия түзүүгө ракет кылышты.

Аталган фракциянын мүчөсү Гуля Кожокулова соңку сунушту колдоп берүүнү өтүндү:

"Урматтуу кесиптештер, колдоп бересиздер деп ишенем. Анткени ал биздин кесиптешибиз, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты, фракциянын лидери. Мындай комиссиялар мурда деле көптөгөн депутаттар камалган кезде түзүлүп, иштеп келген".

Кожокулованын демилгесин "Альянс", "Ынтымак", "Ыйман Нуру", "Ишеним" фракциялары жана "Элдик" депутаттык тобу колдоп, бирден өкүл мүчө болушту.

Ал эми "Мекенчил" жана "Ата Журт - Кыргызстан" фракцияларынын депутаттары комиссиянын курамына кирүүдөн баш тартышты.  

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутаттык комиссия түзүү үчүн кеминде жети адам мүчө болуш керек деп, маселени күн тартибинен алууга аракет кылды. Депутат Дастан Бекешев бир мандаттуу аймактардан шайланып келген депутаттардын атынан комиссияга кирерин билдирди:

"Эгерде жетинчи киши жетпей аткан болсо, бир мандаттуу аймактардан шайланган депутаттардын атынан мени кошуңуз".

Бирок тийиштүү депутаттардын добушу жетпей, комиссия түзүлбөй калды.

Муну оппозиция Мадумаровго болгон саясий куугунтуктун уланышы катары сыпаттап жатат.

"Комиссия иликтеп, тактоого тийиш эле"

2-сентябрдан бери камакта отурган Адахан Мадумаров менен 19-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев жана Эмилбек Токтошев жолугуп, кабар алып чыгышты. Жолугушууга бир саат убакыт берилгенин “Азаттыкка” депутат Акаев билдирди:

“Мадумаров камалып жаткан камерага чейин кирип жолугуп чыктык. Мыйзамсыз кармалганын айтып, сотто актыгын далилдейм деди. Жогорку Кеңеш аны “кызмат абалынан аша чабуу” беренеси менен суракка алууга уруксат берген. Кийин Мадумаровду “чыккынчылыкка” айыптап, кармашты. Депутаттык комиссия, тилекке каршы, түзүлбөй калды. Комиссия түзүлсө, анын кармалышы, ага айып коюлган беренелердин өзгөрүп кеткени боюнча депутаттар иликтеп, өзү менен баарлашып, күч органдарынын жүйөсүн угуп, коомчулукка маалымат берип койсок туура болмок”, - деди Акаев.

2-сентябрда Адахан Мадумаров кармалган учурда Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Бирок оппозициячыл депутаттын тарапкерлери тергөө органдары эмне себептен парламенттин уруксатынын чегинен чыгып, "мамлекеттик чыккынчылык" деген оор берене боюнча айыптап жатат деп нааразы болушууда. Депутаттык комиссия түзүү сунушуна да ушул беренелердин өзгөрүшү себеп болгонун депутат Гуля Кожокулова "Азаттыкка" маалымдады:

"Ооба. Так ушул беренелердин өзгөрүшү боюнча. Башкы прокуратура парламенттин макулдугун сураганда, "бийлигинен аша чабуу" беренеси менен айыпталат деп маалымат берген. Кармалгандан кийин башка берене менен айып коюлду. Биз тергөөнүн ишине кийлигишүүнү каалабайбыз. Бирок депутаттык комиссия мунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн керек болчу".

"Макулдук факт боюнча берилген"

Бийликчил депутаттар башкы оппозиционер боюнча акыркы чекитти сот койсун деген жүйөнү келтирүүдө.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Мадумаровго кылмыш ишин козгоого макулдукту факт боюнча бергенин белгилеп, анын алмашып калышынын мыйзамдуулугун текшерүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт:

"Биз, парламент, уруксатты факт боюнча бердик. Конкреттүү берене эмес, факт боюнча макулдук берилет. Тергөө амалдары жүрүп жатканда берене өзгөртүлүп, жеңилдетилип калышы да мүмкүн эле. Андай болгон учурда кандай кылат элек? "Жоок, оор боюнча калтыргыла, бошотпогула" дебейт элек да. Биз факт боюнча гана макулдук бергенбиз, аны оорлотуу же жеңилдетүү - тергөөнүн иши. Андай болсо, башында кылмыш ишин козгоого уруксат бербеш керек болчу".

Адахан Мадумаров 2008-2009-жылдары Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турган маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Кармалгандан кийин, сотко жеткирилердин алдында комментарий сураган журналисттерге өзүнө карата тагылган айыптарды "жомок" деп сыпаттаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Жогорку Кеңештин тарыхында депутатка кылмыш иши козголуп, анын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн учурлар болгон.

2002-жылы ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаров камалганда, 2006-жылы "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баңгизат ташууга шек саналып Польшада кармалганда, кийинчерээк "Мегаком" чырына байланыштуу камакка алынганда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ушундай эле комиссиялар экс-депутаттар Акматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана башка депутаттарга кылмыш иши козголуп, камакка алынган кезде түзүлүп келген.

"Парламент алсырап калды"

Азыр бийликтин башкы сынчысына айланган депутатка тагылган айыптын чын-бышыгын тактоо аракетинин ишке ашпай калышы парламенттин кезектеги чечкинсиздигинин белгисиби деген талкууларга жол ачты.

Журналист Адил Турдукулов Адахан Мадумаров боюнча депутаттар комиссия түзүп, ишти иликтегенде коомчулук алдында бир катар күмөндүү суроолорго жооп алынмак деп билдирип, парламентти алсыз институт катары баалады:

"Мадумаровдун камалышы менен парламент ого бетер алсырады. Анткени бул бир гана Мадумаровдун оозун жабуу эмес, парламентти алсыратуу аракети. Жогорку Кеңеш аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бербей эле койсо болмок. Бирок алардан эч ким сураган деле жок, бул бир жагынан Конституциянын парламент институтун коргобой жатканынын белгиси. Экинчиден, бүгүнкү комиссиянын түзүлбөй калышы да парламенттин алсырап, эң башкы функциясын - бийликти көзөмөлдөөчү функциясын аткара албай жатканынын белгиси".

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камакка алынды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция бийликтин кысымы катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *