Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Садыр Жапаров Жо Байдендин кабыл алуусунда болду

0
Садыр Жапаров Жо Байдендин кабыл алуусунда болду

Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында АКШ президенти менен анын жубайы Жилл Байдендин кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукка жазды.

“Салттуу кабыл алуу расмий иш-чаралардан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышкан мамлекет башчыларынын урматына өттү”, - деп жазды Султанбаев.

Президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышуу үчүн АКШга барган. Ал 19-сентябрда сессияда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөдөгү геосаясий өзгөрүүлөр, климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугу жана чөлкөмдөгү коопсуздук маселесин козгогон.

Ошол эле күнү С5+1 деп аталган АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу боюнча саммитке катышты. Саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөр талкууланат. Ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформаларга басым жасалды.

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугушууну "тарыхый учур" деп мүнөздөгөн.

Президент Жапаров Нью-Йорктогу иш сапарынын алкагында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушту. 21-сентябрда кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланган.

Вашингтон Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган. Стратегиялык кызматташтык келишимине 1993-жылы 19-майда АКШда кол коюлган.

2015-жылдын 21-июлунда кыргыз бийлиги стратегиялык келишимден бир тараптуу чыгып кеткен. Ага АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” сыйлык тапшырганы себеп болгон.

Азырынча Вашингтон менен Бишкек жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын гана белгилеп келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *