Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Иранда сот мечитке кол салууга айыпталган тажик жаранын өлүм жазасына өкүм кылды

0
Иранда сот мечитке кол салууга айыпталган тажик жаранын өлүм жазасына өкүм кылды

Ирандын Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине кол салууга айыпталган тажик жараны Рахматулло Нарузовго өлүм жазасы белгиленди. 

"Мизан" агенттиги мечит жайгашкан Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусавиге шилтеме кылып Рахматулло Нарузовго өлүм жазасы белгиленгенин кабарлады. Бул иш боюнча айыпталган бир нече киши беш жылга соттолду. 

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Наврузов "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү экенин мойнуна алган. Азырынча Тажикстандын укук коргоо органдары бул боюнча комментарий бере элек.

13-августта Шах-Черах мечитинде ок атылып, андан кеминде бир адамдын өмүрү кыйылган. Сегиз киши жараат алган. Иран бийлиги мечитке Тажикстандын жараны кол салганын билдирген. Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусави шииттердин мечитине кол салууга байланыштуу сегиз адам кармалганын айткан.

Шах-Черах мечити Ирандагы шииттер үчүн эң ыйык беш жайдын бири деп саналат. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *