Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

CPJ Астананын «чет элдик агенттердин реестрине» байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

0
CPJ Астананын «чет элдик агенттердин реестрине» байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ)Казакстанда чет элден каржыланган уюмдардын тизмесине бир катар журналисттердин, массалык маалымат каражаттарынын киргизилиши боюнча камтамачылыгын билдирди. Бул тууралуу уюм 21-сентябрда тараткан билдирүүдө белгиленет.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм Казакстандын бийлиги журналисттердин, укук коргоочулардын жеке маалыматтарын жарыялоону токтотуп, аларга өз ишмердүүлүгүн куугунтуктоодон коркпой-үркпөй жүргүзүү үчүн шарт түзүп бериши керек деп билдирди.

Уюм Астананын бул аракети Орусияда соңку он жылдан бери «чет элдик агент» тууралуу мыйзамдын айланасындагы окуяларга окшошуп жатканын билдирди.

«Эгер Казакстандын өкмөтү Кремлди туурап, журналистика менен активизмди мыйзамсыз деп таанууну көздөсө, анда ал туура жолдо баратат. Эгер Казакстандын бийлиги өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну кааласа, анда журналисттердин, маалымат каражаттарынын, пресса эркиндиги үчүн күрөшкөндөрдүн жеке маалыматтарын жарыялоону токтотуш керек» - дейт Журналисттерди коргоо комитетинин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Казакстандын бийлиги «чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк мекемелерден, чет элдиктерден жана жарандыгы жок адамдардан каражат жана мүлк алып тургандардын реестрин» 20-сентябрда жарыялаган.

Ондогон компаниялардын арасында укук коргоо уюмдары жана маалымат каражаттары дагы бар. Тизмеден ошондой эле бир нече казакстандык журналисттерди жана блогерлерди көрүүгө болот. Алардын айрымдары жеке ишкер катары көрсөтүлгөн. Тизмеде ошондой эле жеке маалымат катары саналган алардын идентификациялык номерлери (ИНН) белгиленген.

Ошондой эле Норвегиядагы Хельсинки Комитетинин Казакстандагы өкүлчүлүгү, эл аралык Internews уюмунун өкүлчүлүгү, маалымат каражаттарын коргоо менен алектенген «Адил сөз» уюму бар.

Казакстандын Каржы министрлигинин сайтына чыккан электрондук таблицада 240 киши жана уюм бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *