Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Эквадор кыргызстандыктар үчүн визалык режим киргизди

0
Эквадор кыргызстандыктар үчүн  визалык режим киргизди

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандары үчүн Эквадор мамлекети 29-августтан тартып визалык режим киргизилгенин кабарлады.

Буга байланыштуу ТИМ кыргызстандыктарды Эквадор өлкөсүнө сапарларын уюштурууну алдын ала пландаштырууну суранат. 

Эл аралык паспорт индекси сайтынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстандын жарандары учурда 30дай мамлекетке визасыз бара алышат. Мындан сырткары 40тан ашуун мамлекетке барган соң виза ала алышат. Кыргызстан өзү учурда 61 өлкөнүн жарандарын визасыз киргизет.

Акыркы жылдары Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөн. Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттери аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *