Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Балбан Жоламан Шаршенбеков Олимп оюндарына жолдомо алды

0
Балбан Жоламан Шаршенбеков Олимп оюндарына жолдомо алды

Балбан Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы 5-жолдомо.

Балбан 22-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта жарым финалда ирандык Мехди Мохсен Нежадды 4:3 эсебинде утту.

Ал буга чейин литвалык Юстас Петравичусту (10:2), грузиялык Придон Абуладзени 9:0, чейрек финалда Исломжон Бахрамовду (10:0) эсебинде жеңген. 

23-сентябрда алтын байге үчүн жапониялык Фумита Кеничиро менен беттешет. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Жоламан Шаршенбеков 24 жашта. Ал ушуну менен Дүйнө чемпионатынын финалына 4-жолу чыгып жатат. Буга чейин эки жолу күмүш (2018-ж., 2021-ж.), бир жолу алтын медал тагынган (2022-ж). Азиянын эки жолку чемпиону. Уландар жана жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын байге ээси.

Буга чейин Париж Олимпиадасына жолдомону кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова, сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов алды. 

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:

Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *