Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

АКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады

0
АКШ Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады

АКШ Тоолуу Карабак боюнча эл аралык миссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер 25-сентябрдагы маалымат жыйында айтты.

"Тоолуу Карабак элинин укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген эл аралык миссия болушу керек. Биз бул Азербайжандын ачык билдирүүлөрүнө ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылат деп ишенебиз".

Ал Карабакта жашаган этностук армяндар өз үйлөрүндө калышы, тынч, татыктуу шарттарда жашашы, алардын укуктары жана коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *