26-сентябрда президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында медал алган спортчуларга акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Дүйнө чемпиондору Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбековго 1 миллион сомдон сыйлык ыйгарылды. Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан Айпери Медет кызы 750 миң сом, коло медал алган Тайырбек Жумашбек уулу 500 миң сом алды. Андан сырткары спортчулардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар берилди.
16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал тагынды. Балбандар 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.
Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып, Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло медалга ээ болду.
Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен Ирандан кийин үчүнчү орунду ээледи. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты. (GT)
Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении
Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»
Щитовидная железа - что это? Где находится? Какие заболевания вызывает?
Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Sea War: Raid 1.131.0
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.
Премию Фета получил поэт из Югры
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ