Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Хорезмде педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши кайра каралууда

0
Хорезмде педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши кайра каралууда

Өзбекстандын Хорезм облусунда педофилияга айыпталган аткаминерлердин иши Ташкенттеги сотто кайра каралууда. "Азаттыктын" өзбек кызматы тактагандай, ишти териштирүү 19-сентябрда баш калаадагы кылмыш иштери боюнча аппеляциялык сотто башталды. Августта соттук коллегия кошумча айыптоолорду кошуу жана кайра тергөө үчүн ишти облустук прокуратурага жөнөткөн.

Хорезм облусунун борбору Үргөнч шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган жашы жете элек үч кызды зордуктаганы үчүн соттолгон аткаминерлердин жеңил жаза менен кутулуп кеткени быйыл апрелде социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан. Бул окуя NeMolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан кийин гана ачыкка чыккан. Анда үч секелекти облустук бийлик өкүлдөрү 10 ай бою зордуктап келгени айтылат.

Бул үрөй учурган окуяны Өзбекстандын Сенатынын төрайымы жана президенттик администрациянын өкүлдөрү айыптап, жете электерге жыныстык ыдык көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу керектигин сунушташкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *