Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Жаңы-Жердеги калайман мушташ боюнча дагы эки адам кармалды

0
Жаңы-Жердеги калайман мушташ боюнча дагы эки адам кармалды

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган калайман мушташ боюнча издөөдө жүргөн Курбангажи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудов 26-сентябрда кармалып, Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди

Ушул эле ишке байланыштуу буга чейин үч киши кармалган. Алардын баары тең Жаңы-Жер айылынын тургундары.

22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы адам каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы киши ооруканага түшкөн. Окуя боюнча 100дөн ашык адам суракка алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Чүй облустук милициясы иликтөө иштеринде Восток айылынын жанындагы талаадан Сайга-МК, 7,62 мм калибрдеги 10 ок, Васильевка айылынын жанындагы талаадан АК - 74 автоматы, 51 ок табылганын кошумчалады.

Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон. (BTo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *