Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

0
Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп  дайындалды

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады.

Эми Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде 7-сентябрда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин анын орун басары Уланбек Усеков аткарып жаткан.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей, министрлик сынга кабылган.

Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору. Ал 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *