Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

БУУ Кыргызстанды балдар үчүн мектепте шарт түзүүгө чакырды

0
БУУ Кыргызстанды балдар үчүн мектепте шарт түзүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укугу боюнча комитети бир нече мамлекеттер жөнүндө баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргызстандагы балдардын укугу жана гендердик зомбулук жөнүндө айтылат.

БУУ Кыргызстандагы гендердик зомбулук, сексуалдык ыдык, балдарга басым, ала качуу жана кылмышкерлердин жазасыз калып жатканы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Уюм жогорудагыдай кылмыштарга каршы мыйзамды күчөтүп, зомбулуктан жабыркагандарды коргоону камсыз кылууга чакырат.

Балдар укугу боюнча комитет мектептерде жетиштүү инфраструктура түзүлбөгөнүнө тынчсыздануусун билдирип, бул окуучулардын билим алуусуна терс таасирин тийгизерин белгилеген. БУУ Кыргызстанды балдардын билим алуусуна шарт түзүүгө чакырган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөдө 150 миңдей бала 1-класска барды. 42 жаңы мектеп пайдаланууга берилип, төрт спорт зал ачылды. 2350 мектепте 1,5 миллиондой окуучу билим алууда. Мугалимдердин саны 74 миңдин тегерегинде. Министрлик алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматында, 246 мектеп авариялык абалда турат.

Жакында өлкөдө “Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам иштей баштады. Анын авторлору негизги жаңылык катары бала бакча ачуу жеңилдеп, мектептерди текшерүү жана мугалимдердин кагаз толтурмай түйшүгү азая турганын, ваучер системасы кирип, мектептеги аккредитация жоюларын, бюджеттик акча баланын санына жараша бөлүнүшү керектигин, ошондо сапат жогорулай турганын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 28-сентябрдагы сессияда Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек балдарды, өспүрүмдөрдү зордуктаган деген айып менен соттолгон 88 адам сот чечими менен абактан пробация аркылуу чыгып кеткенин билдирди.

Милициянын маалыматында Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталган. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *