Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров Бишкекке кайтып келди

0

Быйылкы Азия оюндарынын чемпиону, дзюдочу  Эрлан Шеров бүгүн 29-сентябра Бишкекке кайтып келди. Спортчуну "Манас" аба майданынан ата-энеси, достору жана спорт ишмерлери тосуп алышты.

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров 26-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынган. Ал 90 кг салмак даражасында финалда өзбекстандык Даврат Бобоновду жеңген. Шеров буга чейин кытайлык Бу Хебилигди (1:0), чейрек финалда ливандык Карамноб Сагаиповду (10:0) жана жарым финалда Бириккен Араб Эмирлигинин спортчусу Арам Григорянды жеңип, финалга чыккан.

Эрлан Шеровдун байгеси Азия оюндарынын тарыхында Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасына таандык алгачкы алтын медал. Буга чейин 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында Артур Тё менен Владимир Золоев коло байгеге ээ болушкан.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *