Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 03.05.2023

Тогуз ай директорсуз иштеп келген “Сулайман-Тоого” жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Тогуз айдан бери директорсуз иштеп келген “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине жаңы жетекчи дайындалды.  3-майда жаңы директор Гүлбара Абдыкалыкова мекеменин эмгек жамаатына расмий тааныштырылды. 42 жаштагы Абдыкалыкова 2020-2022-жылдары Улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген, ага чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде башкы адис, Улуттук көркөм сүрөт өнөрү музейинде маркетинг бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Комплекске... Читать дальше...

Казакстанда сот Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты

Azattyk.org 

Казакстанда Январь окуялары маалында каза тапкан беш кишини сот күнөөлүү деп тапты. Мындай чечимди 2-майда Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды. Серик Керимов, Канат Аубакиров, Нурболат Касымжанов, Аслан Уалиев, Шынгыс Тастанбеков Алматы акимчилигине кол салууга айыпталган. Тhe Qazaq Times басылмасы кабарлагандай, Сот Тастанбековго “жапырт башаламандыкка катышты” деген айып такса, Керимов, Аубакиров, Касымжанов жана Уалиев “жапырт башаламандыкка катышты”, “мамлекеттик имаратка чабуул жасады” деп күнөөлөндү. Читать дальше...

Ысык-Көлдө тарыхый буюмдар чогултулган музей ашар жолу менен курулду

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда уникалдуу тарыхый буюмдар чогултулган музей ашар жолу менен курулуп бүткөнүн, расмий ачылышына даярдык көрүлүп жатканын 3-майда “Азаттык” радиосуна анын негиздөөчүсү, Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылынын башчысы Максат Боронбай уулу билдирди. Экспонаттарды кичине кезинен бери айыл аралап, өзү чогултканын кабарлаган адис музейде 1916-жылдагы Үркүн окуяларын эстеткен буюмдар да бар экенин айтып берди: “300дөн ашык экспонат бар. Сыртта балбал таштан ондон ашыгы, тегирмен ташы... Читать дальше...

Милиция: 40 миң доллар опузалаган блогер акча алган учурда кармалды

Azattyk.org 

Чүйдө өзүн блогер деп атап, 40 миң доллар опузалаган адам акчанын калган бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалганын бүгүн 3-майда облустук милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 33 жаштагы шектүү Аламүдүн районунун 76 жаштагы тургунун ал тууралуу видеону жарыяларын айтып коркуткан жана 40 миң доллар талап кылган, бул сумманын 37 миң 300үн алган. Райондук милиция опузалоого кабылган адамдын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча иш козголгонун... Читать дальше...

Евробиримдик соттун "Азаттыкты" жабуу чечимине тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Азаттыктын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине байланыштуу 3-майда билдирүү таратты. Анда өкүлчүлүк медиа мекеменин лицензиясын жокко чыгарган сот чечимин тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирип, жогорку инстанцияны апелляциялык арызды адилеттүү кароого чакырган. “Өкүлчүлүк эркин, көз карандысыз жана плюралисттик жалпыга маалымдоо каражаттарын сактоо туруктуу жана гүлдөп-өнүккөн демократия үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилейт”... Читать дальше...

БУУнун өкүлү: "Азаттыктын" жабылышы сөз эркиндигине доо кетирет

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча сот чечими апелляциялык кароодо кылдат талданып чыгышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал 3-майда борбор калаада сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин укугу талкууланган жыйында айтты. Ал “Азаттыктын” жабылышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине доо кетире турганын белгиледи. “ЖМКлардын эркиндигин чектөө аракети бардык эле улутту жана анын туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Читать дальше...

ӨКМ 6-майга чейин тоого мал айдап барбоого, эс алууга чыкпоого чакырды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бүгүн 3-майда эскертүү жарыялап, тоолуу аймактарда үшүк жүрөрүн, малды тоого айдап чыгуудан жана эс алууга баруудан карманып турууга чакырды. Мекеменин маалыматына караганда, 6-майга чейин өлкөдө аба ырайы туруксуз болуп, жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. “Бул күндөрү Каракол–Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу, Сөөк ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочулар машинага дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек, гүлазык, ысык суу алыңыздар. Читать дальше...

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын талкуулаган жыйын өтүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандагы медиа коомчулук өкүлдөрү, серепчилер бүгүн 3-майда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, журналисттердин укугунун сакталышын такуулап жатышат. Бул жыйында "Азаттык Медиа" мекемеси боюнча чыккан сот чечимине байланыштуу да талкуу болот. Мамлекеттик органдардан талкууга президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков чакырылган. Бирок ал аталган жыйынга барган жок. Талкууга жергиликтүү адис-серепчилерден тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Читать дальше...

"Азаттык" иши: Президенттин басма сөз катчысы АКШнын кайрылууларына жооп берди

Azattyk.org 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн 3-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин "Азаттык" боюнча кайрылуусуна жообун жарыялады. Анда ал “Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган” деп айтты. “Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Читать дальше...

ӨКМ: Нарында калың карда малы тоютсуз калган малчылар жардам сурады

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарында калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал-жандыгы менен кошо ашууда калып калганын, аларга жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 3-майда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шаршембиде Орто-Сырт жайлоосунда кар жаап, 2000 баш майда жандык, 530 бодо мал өз алдынча оттой албай калган. Бул жайлоого малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, беш үй-бүлө ошол жерде калган. “Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок малына тоют жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны иштен кетирүү чечимин кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн 3-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Тийиштүү токтом долбоорун добуш берүүгө катышкан 55 депутаттын 50сү колдоду, бешөө каршы болду. Мунун алдында аталган маселеге байланыштуу талаш-тартыш чыккан. Айрым депутаттар омбудсмен конституциялык кызмат экенин эскертип, аны иштен алууда бардык мыйзам нормалары сакталышы зарылдыгын айтышкан. Төрага Нурланбек Шакиев маселени тийиштүү комитет караганын, “баарын тактап бергенин” айтып жооп кайтарган. Читать дальше...

Сөз эркиндиги: жалаа жабылып, камалган журналисттер

Azattyk.org 

3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү быйыл Кыргызстанда эркин медиаларга басым күчөп турган учурда белгиленип жатат. "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу райондук соттун чечими чыгып, “ПолитКлиника” басылмасы мамлекеттик телеканал менен соттошуп, кээ бир журналисттер ар кандай кылмыш ишине күнөөлүү деп табылып, айрым блогерлер камакта отурат. Президенттик аппарат журналисттер жөнүндө талаштуу жаңы мыйзам сунуштады. “Сөз эркиндиги оболу коомчулукка керек экенин түшүнүшү... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *