Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 08.05.2023

Лейлек: тургундар менен аскерлер аралашкан чыр териштирилип жатат

Azattyk.org 

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан калайман мушташ Аскер прокуратурасында катталып, териштирүү башталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожидин Камалов кабарлады. Ал бул окуянын чоо-жайы тууралуу кенерек маалымат кийинчерек берилерин билдирди. Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын, кырдаал жөнгө салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...

Ржев шаарында кыргызстандык аскерлерге арналган мемориал ачылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Ржев шаарында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Иш-чарага Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин дагы катышты. "Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Ржевде мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык жана аны орус тарап колдоого алган. Читать дальше...

Садыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы расмий сапарынын алкагында 7-майда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Анын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, тараптар өз ара алака-катышты мындан ары дагы өнүктүрүү маселелерин талкуулаганы жазылган. "Садыр Жапаров Кыргызстан салттуу түрдө Орусия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Орусия менен тышкы соода жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге жетип, үч миллиард АКШ долларынан ашты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *