Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 11.05.2023

Конституциялык сот шайлоо күрөөсүнүн көптүгү жөнүндө арызды карайт

Azattyk.org 

Конституциялык сот "Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү арызды өндүрүшкө кабыл алынды. Анда сотко Жакшылык Кадыров аттуу адам кайрылганы белгилүү болду. "Шайлоо тууралуу мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт. Читать дальше...

"Эч ким уккан эмес". Өзбекстанда дагы бир студент диний ыр үчүн камалды

Azattyk.org 

Өзбекстанда 21 жаштагы Жахангир Улугмурадов Telegram түйүнүндө диний ыр таратканы үчүн үч жылга камалды. Ал башкаларды интернет аркылуу "жихадга чакырган" деп айыпталган. Анын апасы мамлекет башчысына кайрылуу жолдоп, баласына куру доомат жабылганын билдирди. 8-майда Ташкент облусунун Аккоргон райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 244-1-беренеси (Коомдук коопсуздукка коркунуч туудурган материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү) менен айыптуу деп тапты. Жогорку Соттун басма сөз кызматы... Читать дальше...

Жогорку Сот БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп тапты

Azattyk.org 

Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып тагылган Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп тапты. Муну менен Бишкек шаардык сотунун Эшимовго байланыштуу өкүмүн күчүндө калтырды. Эшимовду Биринчи май райондук соту "кылмыштын курамы жок" деген негизде былтыр апрелде актаган. 2022-жылы октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, Эшимов күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө пробациялык жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган. Читать дальше...

ТИМ Орусиянын миграция мыйзамындагы өзгөрүүнү эскертти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын миграциялык мыйзамдарында маанилүү өзгөрүүлөр болгонун билдирди. Ага ылайык, кыргызстандык жарандар ушул жылдын октябрь айынан тартып Орусияга барганда өздөрү жана жашы жете элек балдары тууралуу маалыматты миграциялык каттоо органдарга электрондук форматта жөнөтө алат. Ал үчүн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинети болушу керек. Андан сырткары электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маалымат системасына катталышы зарыл. Читать дальше...

Энергохолдинг жоюлуп, ордуна дирекция түзүлмөй болууда

Azattyk.org 

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы жоюлганы жатканын бүгүн 11-майда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ишкананын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди. Ал кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынганын, азыр көп станциялар курулуп, инвесторлор тартылып жатканын белгилеп, холдинг алдында Электр станцияларын куруу дирекциясы түзүлүп жатканын айтты. Дирекция, Байгазиевдин айтымында, инвесторлор менен түздөн-түз иштешип, генерация болуучу кубаттуулукту өнүктүрүү менен алектенет: «Холдинг реорганизация болот. Читать дальше...

Электр тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турары айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрүп турарын бүгүн 11-майда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы 23 тыйындык жогорулоо энергокомпаниялардын бюджетине 2,4 миллиард сом алып келет деп болжолдонууда: “Тариф мындан ары бир жылда бир жолу өзгөртүлүп турат. Быйылкы 2023-жылдын өзгөрүүсү азырынча ушул, андан башка жогорулоо болбойт. Өнөр жай абоненттери үчүн өзүнчө коэффициенттер бар, ал такталат. Читать дальше...

Финансы министрлиги: жээк бекемдөө, селден коргоого 198,5 млн. сом бөлүндү

Azattyk.org 

Финансы министрлиги быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. "Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине (өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга) 100 миллион, аталган министрликтин "Сельводзащита" кызматына 98,5 миллион сом берилди. Белгилей кетсек, бул каражат Бюджет мыйзамында каралып, жыл сайын бөлүнөт. Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом бөлүндү",-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Адвокат "Кемпир-Абад" ишин тергөө аяктап калганын билдирди

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишин тергөө соңуна чыгып баратканын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакытбек Автандил билдирди. Анын айтымында, баарына бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу боюнча кошумча айып тагылган. Иш сотко ушул айдын аягында же июндун башында өткөрүлүп берилет деп болжолдонууда. «Бизге тергөө жакында аяктай турганын, андан соң иштин материалдары менен таанышып чыгууга бир ай убакыт берилерин кабарлашты. Айрым фигуранттарга негизги үч айыптан тышкары кошумча айыптар бар»... Читать дальше...

Парламент төрагасы Конституция дагы өзгөрүшү ыктымалдыгын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште 11-майда Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган жыйын өтүп жатат. Ага парламент депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар коомдук-мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар катышууда. Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев өз сөзүндө азыркы Конституцияга ылайык, бардык жоопкерчиликти президент алганын, өлкө анын үзүрүн көрүп жатканын билдирди. Ошону менен катар Баш мыйзам өзгөрүшү ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. "Соңку 30 жылдын ичинде Конституция тогуз жолу өзгөргөнү тууралуу айтылып жатат. Читать дальше...

Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги тууралуу сын-дооматка жооп берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Конституциянын 30 жылдык мааракесине арналган жыйын өтүп жатат. Анда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндигине байланыштуу абалга токтолду. Анда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги бир катар өлкөлөрдө жоктугун айтты. "Бизге оң-терс, ылайыгы келсе дагы, келбесе дагы ачуу-таттуу сөздөрдү айтып жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө, керек болсо коңшу өлкөлөрдө, аймакта бул нерсе жок. Бирок маселе биз сөз эркиндигин кандай пайдаланып жатканыбызда. Читать дальше...

Ошто быйыл "социалдык келишим" 2,5 миңден ашык адам менен түзүлдү

Azattyk.org 

Ош облусунда быйыл "социалдык келишимдин" негизинде 100 миң сомдон 2612 адамга берилди. Былтыр болсо акчаны 350 адам алган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев кабарлады. Ал Фейсбуктагы баракчасына бир катар райондордо келишимдин алкагында жасалып жаткан иштерге мониторинг жүргүзүлгөнүн жазды. "Ноокат, Кара-Суу, Араван райондорунда ишкердикке багыт алган жарандарыбыздын аткарып жаткан жумуштары, келечек пландары жана көйгөйлүү маселелери менен таанышып, айрым маселелерди чечүү боюнча чечимдерин карадык. Читать дальше...

Баткен: курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты

Azattyk.org 

Баткен шаарында облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыкты. Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, төлөбөй качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышты. Нааразылыкка чыккандар менен президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев жолугуп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *