Муфтият Дмитриевкада медресе курчоого алынбаганын билдирди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынганы тууралуу маалыматты четке какты. Муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын маалымдады. Читать дальше...