Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 22.05.2023

Чаткалда аралашма алтын кенин иштеткен компания боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Чаткалда аралашма алтын кенин иштеткен компания боюнча кылмыш иши козголгонун бүгүн 22-майда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган ишкана аралашма алтынды мыйзамсыз казып алуу менен алектенген. Райондук прокуратура козгогон иш Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) менен тергелүүдө. “Чаткал” токой чарбасынын кызмат адамдары ал ишкана менен 2021-жылы “Каратөбө-Бузук”... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши боюнча камалган Атай Бейшенбек айып изоляторунан чыгарылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Атай Бейшенбек айып изоляторунан 21-майда чыгарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан (ЖАК) "Азаттыкка" кабарлашты. Буга чейин Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөгөн. 19-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган билдирүүсүндө ага телефонду “өзүлөрү беришкени”, сырттан телефон киргизүү мүмкүн эместиги, кирип-чыккан сайын атайын аппарат менен тинтүү кылынары жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турары айтылган. Читать дальше...

ЖК комитети "фейктер жөнүндө"мыйзамга өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Жанарбек Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков. Жанар Акаевдин белгилешинче, мыйзамдын үч беренесине өзгөртүү киргизилип жатат. “Кыргызстанда Баш мыйзамга ылайык сөз эркиндигин чектөөгө тыюу салынган. Читать дальше...

Жер боюнча талаштуу токтомду жокко чыгаруу сунушу айтылды

Azattyk.org 

Өкмөттүн Мамлекеттик фонддун карамагындагы жер тилкелерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүү боюнча №309 токтомун жокко чыгаруу маселеси бүгүн 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Жаныбек Кыдыкбаев Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан (ФПС) канча жер алынганын, аларда канча кооператив түзүлгөнүн, канча үрөн берилгенин сурады: “ФПСтин жерлеринин баарын алдык... Читать дальше...

Акаевдин лекциясына байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында мурдагы президент Аскар Акаевдин Бишкектеги айрым окуу жайларда өтүлөт делген лекциясы боюнча маселе көтөрүлдү. Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев лекция тууралуу Акаевдин санаалаштары кайрылганын билдирди. "Биз расмий түрдө лекция тууралуу мугалимдерге дагы студенттерге берген эмеспиз. Аскар Акаевдин тарапташтары ушундай уюштуруп бергиле деп кайрылган. Биз ойлонолу деп расмий жооп бергенбиз. Читать дальше...

Берлин орус оппозиционерлери ууландырылган деген маалыматты иликтейт

Azattyk.org 

Берлин полициясынын Мамлекеттик коопсуздук башкармалыгы апрелде орус оппозициясынын конференциясындагы катышуучулар ууландырылышы ыктымал деген маалыматты иликтей баштады. Бул тууралуу полициянын өкүлү "Свобода" радиосунун жана Welt am Sonntag басылмасынын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Буга чейин "Агентство" басылмасы Германиядагы конференцияга катышкан эки орусиялык жаранда уулануунун белгилери болгонун жазган. Орус опозициясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу Германиянын борбору Берлинде апрелдин соңунда өткөн. Читать дальше...

"Нобелдин" 103 лауреаты Беляцкийди бошотууну талап кылды

Azattyk.org 

"Нобелдин" 103 лауреаты 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгын алган Алес Беляцкийди бошотууну талап кылган кайрылууга кол койду. Кайрылуу Эл аралык ПЕН-клубдун сайтына жарыяланды. Анда беларус укук коргоочусу "дүйнөдөгү кесиптештери үчүн үмүттүн жана шыктануунун символу" деп белгиленген. Беляцкий "бүт өмүрүн Беларустагы адам укуктарын жана демократияны өнүктүрүүгө", "Александр Лукашенкону тынымсыз, үзгүлтүксүз жана системалуу түрдө уланып келген эркин пикирлерди басуу аракетине жооп кылууга чакырып келгени" айтылды. Читать дальше...

Илимдер академиясы жана КМТУ Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдирди

Azattyk.org 

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев мурдагы президент Аскар Акаевдин лекциясы пландалбаганын билдирди. Окуу жайдын ректору "Азаттыктын" суроосуна кыска жооп берип, эч кандай лекция болбой турганын айтты. Ал талкуу жараткан бул маселе кайдан чыкканын, лекциянын болбой калышына студенттердин нааразылыгы таасир эттиби, жокпу тактаган жок. Ошол эле учурда аталган окуу жайдын басма сөз кызматы лекция тууралуу алдын ала маалымат берилбегенин жана аны жокко... Читать дальше...

УКМК жашыруун иштеген кумаркана жабылганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК)кумаркананы тийиштүү документтери жок, мыйзамсыз иштетип жүргөндөр аныкталганын кабарлады. Маалыматка караганда, мекеме криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүгө жамынып, оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн. Тинтүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акча каражаттары табылганы айтылды. "Мындан тышкары, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *