Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 23.05.2023

Өкмөт үмүт арткан "Кыргызтранснефтегаздын" жетекчиси кармалды

Azattyk.org 

Былтыр түзүлгөн "Кыргызтранснефтегаз" ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды. Ал жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылганын УКМК билдирди. Бул коррупцияга шектелип кармалган мамлекеттик ишканадагы биринчи жетекчи эмес. 19-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылган мамлекеттик ишкананын жетекчиси кармалганын жарыялаган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалган киши “Кыргызтранснефтегаз”... Читать дальше...

Апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликтин жанында нааразылык акциясы өттү. Ал жерге 2010-жылдагы Апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары чогулган. Алар кыргыз коомчулугуна жана бийликке кайрылуу жолдоп, мурдагы президенттерди өлкөгө алып келүү аракеттерине каршы экенин билдиришкен. "Тилекке каршы, элибиздин башынан өткөн кандуу окуялардан сабак алып, туура жыйынтык чыкпаганына күбө болуп жатабыз.... Читать дальше...

Президент Жапаров Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Орусия баш калаасы Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын айтымында, Жапаров 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” аталган Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына катышат. Читать дальше...

Түркия: президенттикке мурдагы талапкер Эрдоганга добуш берүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Түркиядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында 5% добуш алган АТА альянсынын талапкери Синан Оган тарапташтарын Режеп Тайып Эрдоганды колдоого чакырды. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды. Эрдоган менен жолугуп чыккандан кийин Оган аны колдой турганын жарыялады. Hurriyet жазганына караганда, Оган "Конституциянын айрым беренелерин өзгөртпөөнү, террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү жана сириялык качкындарды акырындап депортациялоону" талап кылган. Түркияда президенттик шайлоо 14-майда өттү. Читать дальше...

Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча жыйын өтөт

Azattyk.org 

Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын рекультивациялоого жергиликтүү тургундар каршы болууда. Бул маселеге чекит коюу үчүн өкмөт  тийиштүү мамлекеттик  органдар менен апта соңунда Миң-Кушта элдик жыйын өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Кеңештеги жыйында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Парламенттеги жыйынга министрлер, “Росатомдун” өкүлдөрү, Нарын облусунун, Жумгал районунун жергиликтүү бийлиги жана аймактын активисттери катышкан. Жергиликтүү тургундар уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып... Читать дальше...

"Эки бир тууган 52 жылдан кийин гана көрүшүп, кучакташып ыйлашты"

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун кыргызча берүүсүн алгач обого алып чыккан, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай 17 жыл мурун 86 жашында Нью-Йорк шаарында дүйнө салган. Анын сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Нью-Йорктогу мусулман көрүстөнүнө коюлган. Азамат Алтайдын өмүрүнүн соңку жылдарында бирге жашап, акыл-насаатын уккан жээни Гүлнара Турганбаева таякеси согуштун, тоталитардык системанын айынан бир туургандарын, мекенин 50 жылдан кийин гана көргөнүн эскерет.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *