Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 25.05.2023

Депутат Өмүрзаков Баткенди калыбына келтирүү ишине катышкандар акчасын ала албай жатканын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө катышкан ишкерлер акчасын ала албай жатканын айтты. Эл өкүлү 30дан ашуун ишкердин кайрылуусу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тийиштүү комитетке келип түшкөнүн парламенттин 25-майдагы жыйынында билдирди. "Төраганын атына жана биздин комитетке Баткен окуясында зыян тарткан үйлөрдү калыбына келтирип жаткан ишкерлерден арыз түштү. "Аманат строй" деген фирма бар экен. Читать дальше...

“Батуминин” ээси укук коргоо органдарына кайрылды

Azattyk.org 

Бишкектеги “Батуми” кафесинин буздурулушуна байланыштуу анын ээси укук тартибин коргоо органдарына арызданды. Бул тууралуу бүгүн 25-майда кафеге ээлик кылган «Эстоунд» коомунун юристи Кайсын Абакиров билдирди. “Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн атайылап жок кылууга байланыштуу кылмыш жообуна тартуу боюнча укук коргоо органдарына арыздарды бердик. “Батуми” кафесин мыйзамсыз бузууну уюштурган бардык... Читать дальше...

Депутатка иш козгоо үчүн макулдук алуу нормасы мыйзамсыз деп табылды

Azattyk.org 

Конституциялык сот Жогорку Кеңештин регламентиндеги “депутатка кылмыш ишин козгош үчүн парламенттин макулдугу керек” деген мазмундагы норманы Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 25-майда билдирди. Конституциялык сотко бул норманын мыйзамдуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен адвокат Төлөндү Самаков кайрылган: “Азыркы редакцияда депутатка ишин козгоо үчүн Башкы прокурор сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин көпчүлүк добушу менен алардын макулдугун алышы керек. Бирок кылмыш түнбү... Читать дальше...

Депутат Акаев банктар ишкерлерге бут тосуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин 25-майдагы жыйынында банктардын, Улуттук банк жана Каржы министрлигинин ишине байланыштуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү банктар ишкерлерге бут тосуп, министрлик бул багытта шалаакы мамиле жасап жатканын айтты. Ал 2021-жылы Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы бөлгөн 150 млн. (100 миллионун насыя, 50 миллионун грант эсебинде) долларлык "Кыргызстандын жеке жана каржы секторун шашылыш колдоо" долбоору жакшы иштебей жатканын белгиледи. "Бул акча... Читать дальше...

Астананын соту Рузахуновдун Казакстандын ИИМине каршы доосун канааттандырган жок

Azattyk.org 

Астананын Алматы райондук соту кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча Казакстандын Ички иштер министрлигине койгон доосун канааттандырган жок. Бул тууралуу маалымат музыканттын Instagram баракчасында жазылды. Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышты. Сотто судья Расул Карагаев төрагалык кылган. "Сотто Алматы Полиция... Читать дальше...

Оштогу карактоо: коопсуздукка кооптуу топтор

Azattyk.org 

Өткөн аптада Канттын жанында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы жана Ички иштер министрлиги биргелешкен операция өткөрүп, коркунучтуу кылмышкер жок кылынганын кабарлады. Милиция "террорчу" деп атаган адам Оштогу бир нече куралдуу тоноого тиешеси бар, экстремисттик топторго уюмдун мүчөсү экени айтылды. Анын алдында Ошто көп сандагы курал-жарак менен кылмыштуу топ кармалган эле. Дмитриевкада жок кылынган адамдын Оштогу табылган курал-жаракка жаракка жана экстремисттик топко кандай байланышы бар? Читать дальше...

Азамат Алтайдын ЖАМУдагы мурасы

Azattyk.org 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий китепканасында коомдук ишмер Азамат Алтайга (Кудайберген Кожомбердиев) арналган бурч бар. Анда Азамат Алтай чогултан «Ала-Тоо» журналынын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин ондогон нускалары жана үй-бүлөлүк архиви сакталып турат.

Мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын буга чейин да эскерткен. Бардык билим берүү башкарамалыктары, бөлүмдөрдүн өкүлдөрү буга байланыштуу нөөмөттө болот. Ички иштер министрлиги ата-энелерге кайрылып, бул күнү балдарга машина бербөөгө чакырган. Быйыл 9-11- класстарды... Читать дальше...

Каракол - Эңилчек жолуна кар көчкү түштү

Azattyk.org 

Каракол - Эңилчек автоунаа жолуна 24-майда түнкү саат 03:30да 96 миң метр кубдан ашык кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жол убактылуу жабылып, кечке маал гана бир тараптуу ачылганын министрлик билдирүүдө. Маалыматка караганда, министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Мирлан Карабаевдин жетекчилиги менен ыкчам топ Эңилчек айылынын жашоочуларынан жана жайыттардагы малчылардын абалынан кабар алуу үчүн жөнөп кеткен. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

Республикачыл Рон Десантис президенттикке талапкер болорун жарыялады

Azattyk.org 

Флорида штатынын губернатору, республикачыл Рон Десантис 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына билдирме тапшырды. Ал Республикачылар партиясынан талапкер болгон мурдагы президент Дональд Трампка атаандаш болот. Бир нече сааттан кийин Десантис талапкерлигин койгонун өзүнүн Twitter баракчасына жазды, Twitter Spaces платформасында Илон Маск менен сүйлөшкөнүн жарыялады. Маск жана анын көптөн берки досу жана шериги Дэвид Сакс катышкан... Читать дальше...

Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер көз жумду

Azattyk.org 

Америкалык белгилүү ырчы Тина Тёрнер 83 жашында Швейцарияда каза болду. Бул тууралуу анын өкүлү Sky News телеканалына билдирди. Анын дүйнөдөн кайтканы тууралуу маалымат өзүнүн  Instagram баракчасына да жарыяланды. "Рок-н-ролл ханышасы" деп таанылган Тёрнер 1960-1980-жылдардагы эң популярдуу аял ырчылардын бири болгон. Ал 1939-жылы АКШда төрөлгөн. Туулгандагы аты-жөнү Анна Мэй Буллок. Сахнадагы ийгилик ага 1960-жылдардын башында келген. Сегиз жолу "Грэмми" сыйлыгын алган. Андан тышкары, эки American Music Awards... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *