WSJ: Сауд Арабия менен Орусиянын ортосунда мунай боюнча түшүнбөстүк чыкты
Сауд Арабия Москвага ОПЕК+ алкагында мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу боюнча алган милдеттенмесин аткарбай жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды. Басылма жазгандай, саудиялык жогорку кызматтагылар Орусия бийлигине кайрылып, мунай өндүрүүнү чектөө боюнча келишимди аткарууга чакырган. Эр-Рияд Орусия дүйнө рыногуна чийки мунайды келишимде көрсөтүлгөндөн көп көлөмдө сатып жатат деп эсептейт жана бул көрүнүш мунайдын арзандашына алып келет. Читать дальше...