Өзбекстанда 20 жаштагы блогер операциядан кийин каза болду
Өзбекстанда Asad Algo каймана аты менен таанылган 20 жаштагы блогер мээсине жасалган операциядан кийин 19-июлда көз жумду. Башкы прокуратура анын өлүмүнө байланыштуу тергөө башталганын 20-июлда кабарлады. Блогердин Инстаграмдагы баракчасына дээрлик бир миллион адам жазылган. Март айында Mittivine каналынын автору 27 жаштагы блогер Фарход Маннопов да мурдуна операция жасаткандан кийин каза болуп калган. Анын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин ачкан, бирок чоо-жайы маалымдала элек. Читать дальше...