Ысык-Көлдү, жака-белин булгагандарга айып пулду көбөйтүү каралууда
Ысык-Көлдү жана анын жака-белин булгагандарга салынган айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бөлүм башчысы Таалай Далбаев билдирди. Ал айып пулдун көлөмү көп жылдан бери өзгөрө электигин, жогорулатууга муктаждыгын айтты. Мунун алдында аталган министрлик Ысык-Көлгө май төгүлгөн окуяга байланыштуу бир моторлуу кайыктын ээсине 10 миң сом айып пул салынганын билдирген жана анда айып пулдун өлчөмүнүн аздыгы тууралуу сын айтылган. Читать дальше...