Бишкекте курулуш материалдары сатылган үч дүкөн өрттөнүп кетти
Бишкекте Орозобеков көчөсүндөгү "Эски толчок" базарында курулуш материалдары сатылган үч дүкөн, пластик терезелерин чыгарган эки цех жана кийим-кече сатылган бир контейнер өрттөнүп кетти. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрт тууралуу 14-августка караган түнү маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөрдүн биринчи тобу түнкү саат 12.30дарда барган. Өрт өчүрүүгө жалпысынан беш топ тартылып, 1,5 сааттан кийин чектөөгө алынган. Читать дальше...