Латыш-беларус чек арасын кайтарууга армия менен полиция көмөктөшөт
Латвиянын Чек ара кызматы 15-августтан тартып Беларус менен чек арасын кайтарууну күчөттү. Мындан улам кошумча мобилизациялоо башталганын билдирди. Мекеме муну латыш-беларус чек арасында "гибриддик коркунучтун чукул күчөгөнү" менен негиздеди. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, соңку бир күндө 96 адам Латвияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Мекеменин ырасташынча, "беларус бийлик өкүлдөрүнүн чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштурууга аралашкан учурлары" көбөйдү. Чек ара күзөтчүлөрү мындан улам армия менен полициядан кошумча күч сурады. Читать дальше...