Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 17.08.2023

Балдарды зыян маалыматтан коргоо мыйзамы жылма цензурабы?

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого” багытталган мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, маалымат коопсуздугуна байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, “балдардын өнүгүүсүнө зыян тийгизүүчү маалыматтардын” тизмеси бекиди. Укук коргоочулар бул мыйзам цензурага жол ачарын белгилеген. Ал эми “Медиа Полиси Институту” уюму "долбоор Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн" айтып, ага каршы турууга чакырган. “Балдарды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт”... Читать дальше...

Блинкен Орусияда соттолгон АКШ жараны Пол Уилан менен сүйлөштү

Azattyk.org 

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Орусияда тыңчылыкка айыпталып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Пол Уилан менен 16-августта телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу CNN телеканалы, Reuters агенттиги өз булактарына таянып жазышты. Маалыматка караганда, Блинкен Вашингтон “Уиланды тезирек үйүнө кайтаруу үчүн баардык аракетин көрүп жатканын” белгилеген. Уиландын агасы Дэвид CNNге сүйлөшүү “узак жана ачык” болгонун айтып берген. Бул Блинкендин Мордовиядагы түрмөдө отурган Уилан менен экинчи жолку сүйлөшүүсү. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым жерлерде өткүн өтөт

Azattyk.org 

18-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшүү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Ысык-Көл жээгиндеги мушташ боюнча үч шектүү кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл райондук милициясы көл жээгиндеги мушташтын чоо-жайын иликтеп жатканын, шектүү катары үч киши кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы "Азаттыкка" бүгүн, 17-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, факт райондук милициянын электрондук журналына катталды, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя 16-августта "Радуга Вест" эс алуу борборунун жанындагы кум жээкте болгону, ижарага скутер берип иштеткен кишиге карата чара көрүүнү өтүнүп 55 жаштагы эс алуучу жана анын 27 жаштагы уулу кайрылышканы... Читать дальше...

Борбор Азия лидерлери убадалаган өзгөрүүлөр: "жаңы" өлкөлөрдөгү эски өнөкөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Жаңы Кыргызстанды куруунун жолу" аттуу жаңы китебин жазып, "жаңы доордун" эшигин ачуу жагынан Казакстан жана Өзбекстандагы кесиптештерине кошулду. Бирок Борбор Азиядагы режимдер чындап эле канчалык өзгөрүүдө? Борбор Азия лидерлери тарыхтын "жаңы барактары", "жаңы баптары", атүгүл "жаңы өлкөлөр" жөнүндө кеп кылышууда. Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев президенттикке келгенден беш жылдан кийин, 2021-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн ураанын "Жаңы Өзбекстан" деп атады. Читать дальше...

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берет

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков “Азаттыкка” билдирди. Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат. Тургунбеков белгилегендей, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө. Өкмөт 2020-жылы эле “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Читать дальше...

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабактагы каатчылыкты талкуулады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши жикчил Тоолуу Карабактагы гуманитарды каатчылыкты талкуулады. 16-августтагы чукул жыйын Еревандын демилгеси менен уюштурулду. Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян жыйында сөз сүйлөп, БУУнун негизги милдеттеринин бири аймактагы каатчылыкка жол бербөө экенин эскертти. "Армения аймакка гуманитардык жардам жөнөткөн, бирок жүк  Лачын коридорунун кире беришинде турат. Анткени азери тарап жүктүн Карабакка жетишине тоскоолдук кылып жатат",-деди Мирзоян. Читать дальше...

Бизнес академиясынын лицензиясы жокко чыгып, имараттары алынды

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Бишкектеги Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын лицензиясы токтотулганын 16-августта билдирди. Буга окуу жайдын негиздөөчүлөрү жасалма документтин негизинде бир катар имараттарды жана жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алганы себеп экени айтылган. “2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги үч кабаттуу окуу корпусун, беш кабаттуу жатаканасын... Читать дальше...



Өзбекстан: АКШга мыйзамсыз кетирүүнү убада кылган адам кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын укук коргоо органдары мекендештерин Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылган жаран кармалганынын билдирди.  Кылмышка шектүү аванс катары катары акча алып жаткан жеринен колго түшкөнүн кабарлады. Башкы прокуратурага караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш департаментинин билдиришинче, окуя Кашкардарыя облусунда болгон жана кармалган адам кызматы үчүн 15 миң доллар сураган. Ал буга чейин "алдамчылык" беренеси менен соттолуп чыккан. Өткөн айда дагы Ташкентте бир нече жаранды... Читать дальше...

Шаарда чокулар көрүнбөйт...

Azattyk.org 

Кубатбек Жусубалиевдин “Кар” деген аңгемеси каламдашы Жоробек Султаналиевди эскерүүгө арналган. Сыртынан караган кишиге анча деле маанилүү нерсе камтылбагандай, эки калемгердин ортосундагы мамиле – сөз күчү, адам көңүлү, армандуу жашоо, турмуш, акыйкаттык тууралуу кеп болгондой сезилет. Бирок текст артында оголе чоң ой камтылган. Сократтын жазага тартылышы Адабиятта тирүүсүндө аты аталып, көзү өткөндөн кийин унутулган кайрандар аябай эле көп. Кайриет, Жоробек Султаналиевдин тагдыры андайга туш келбеди. Читать дальше...

"Кадр жок, жетишпей калдык". Элеттен тигүүчү издеген ишкерлер

Azattyk.org 

Орусиядан бир катар дүйнөлүк ири бренддердин чыгып кетиши Кыргызстандагы тигүү тармагынын өсүшүнө негиз берүүдө. Тармактын кирешеси былтыр 9,5 млрд сомдон ашып, 2012-жылдагы дүркүрөп өскөн чегинен ашты. Ошол эле учурда Кыргызстандагы чакан фабрикалар менен цехтерден ири өлчөмдөгү буюртмаларды убагында аткарып, жеткирүү мүмкүн эместигин айтышууда. Мунун негизги себеби - кадр жетишсиздиги. "Он күндө 50 миң сом алам" Бишкектеги The Fine деп аталган чакан фабрикада иштеген Адина Капарова көп жыл бою Орусияда мигрант болуп жүргөн. Читать дальше...

Сары-Жаз ГЭСтер каскадын Кытайдын ТВЕА компаниясы курат

Azattyk.org 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы сапарында TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Ушул айдын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвен Сары-Жазга барып, ГЭС курулчу жерлерди карап чыккан. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда инвестор изделип жатканын... Читать дальше...

Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Шинжаңга барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-августта жумушчу сапар менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал аталган аймактын башчылары менен жолугуп, алака-катышты талкууларын жазды. Андан сырткары “Кытай-Евразия: товарлар жана соода-2023” деп аталган жарманкеге дагы катышат. "Акылбек Жапаров ошондой эле Кытайдын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилери менен жолугат, Үрүмчү шаарынын эркин экономикалык аймагына барат, кытайлык ишкерлер менен кездешип... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *