Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 18.08.2023

Бишкекте навайкана менен жыгач иштеткен цех өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкектеги Муромская көчөсүндөгү барак тибинде салынган имараттагы навайкана менен жыгачты кайра иштеткен цех өрттөнүп кеткенин билдирди. Ага ылайык, кырсык тууралуу 18-августта таң эрте маалымат түшкөн. 600 чарчы метрдей аянтты чалган өрт саат 10.40тарда толугу менен өчүрүлдү.  "Кырсыкта жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин үч бригадасы, бир суу ташыган машина тартылды", - деп билдирди министрлик. Апта башында Бишкекте Орозбеков... Читать дальше...

Садыр Жапаров Өзбекстанга берилген төрт пансионат тууралуу үн катты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 18-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди. Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди "популисттик" кылган деп айыптады. "2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып... Читать дальше...

Мүлк агенттиги Өзбекстанга берилген пансионаттар жөнүндө түшүндүрдү

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын өзбекстандык компанияларга башкарууга берилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет. Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек. Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын... Читать дальше...

Бөлтүрүк үчүн 10 миллионду ким төктү?

Azattyk.org 

Журналисттер мамлекетке 1 млрд 146 млн сом чыгаша келтиргени айтылып кармалган төрт жарандын бири, “Улуу Көчмөндөр мурасынын” мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк бюджетке 10 млн сом эле төккөнүн жазып чыкты.  “Азаттык” Бөлтүрүк үчүн миллиондорду төккөн адамды таап, алардын байланышын аныктады.

Жогорку Сот Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, соттук отурум 18-августта өттү. Бакиров акыркы инстанциянын чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, муну “мыйзамсыз” деп атады. “Бул баарына эле билинип турат, бул мыйзамсыз чечим. Жаңы ачылган жагдай деп жатышат. Шайлоо кодексинде “жаңы жагдай деген түшүнүк жок”, - деди ал. Читать дальше...

ИИМ маңзат соодасына шек саналган кызматкерлерден улам иликтөө баштады

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ)Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын айрым кызматкерлери маңзат соодасына шек саналып кармалганына байланыштуу иликтөө баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. "Иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерине көзөмөл кылбаган жетекчилерге укук коргоо органдарынын тартиптик уставына ылайык катуу чара көрүлөт. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет",-деп жазылган билдирүүдө. Мунун алдында, 17-августта Улуттук коопсуздук комитети... Читать дальше...

Ысык-Көл: казак-кыргыз аскерлеринин биргелешкен машыгуусу башталды

Azattyk.org 

17-августта Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы аскерлеринин “Эрдик” тактикалык-атайын машыгуусу башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Машыгууга 150дөн ашык аскер кызматкери катышууда жана 30га жакын атайын, авиациялык техникалар тартылды. Машыгуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн чектеш аймактарында террордук коркунучка каршы чогуу күрөшүүнүн механизмин иштелип чыгат. Ошондой эле аскерлердин коюлган тапшырмаларды... Читать дальше...

Ооганстанда "Талибан" кыймылы саясий партияларга тыюу салды

Azattyk.org 

Ооган өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылы шариятка каршы келет деген негизде өлкөдөгү саясий партиялардын ишине тыюу салды. Бул тууралуу Voice of America сайты жазды. Мындай чечим тууралуу талибдер бийликке келгенине туура эки жыл болгондо кабыл алынды. Талибдердин өкмөтүндөгү юстиция министри Абдул Хаким Исхаксай Кабулдагы басма сөз жыйынында "Ооганстанда саясий партиялардын ишмердигине шарияттын ченемдерине каршы келгендиктен жана элдин кызыкчылыгын коргобогондуктан тыюу салынганын" айтты. Читать дальше...

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы иштен кетти

Azattyk.org 

Кеңешбай Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси кызматынан кетти. Ал Фейсбуктагы баракчасына өзүнүн берген арызынын негизинде иштен бошогонун жазды, бирок ага эмне себеп болгонун тактаган жок. Анда өзү кызматта турганда аткарылган иштер тууралуу билдирүү калтырды. "Бул кызматта турган учурум дүйнөлүк экономиканын өзгөрүшүнө, баалардын кескин көтөрүлүшүнө туш келди. Ошондуктан бир топ жаңы ыкма менен иштөөгө туура келди. Эң негизгиси - ички базарда тартыштыка жол берген жокпуз... Читать дальше...

"Озодлик" Саида Мирзиёева жогорку кызматка дайындаларын жазды

Azattyk.org 

"Азаттыктын" өзбек кызматы Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида жакын арада анын биринчи жардамчысы болуп дайындаларын жазды. "Озодлик" өз булактарына таянып, бул президенттик аппараттын  өзгөргөн, жаңыртылган түзүмүндөгү  эң жогорку кызмат болорун билдирди. Мындан улам Саида Мирзиёева атасынын администрациясын жетектеп калат.  Анын жаңы, жогорку кызматка барары тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек. Мунун алдында президенттин басма сөз кызматы Мирзиёевдин... Читать дальше...

Инвестордун талаштуу репутациясы: Сары-Жаз ГЭСин TBEA курат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапар менен Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна барды. Анын алкагында кызматташуу боюнча бир нече келишимдерге кол коюлду. Документтердин ичинде Кытайдын TBEA компаниясы менен Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер каскадын жана "Кемин-Торугарт" жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу тууралуу меморандум бар. Аталган компания мурда Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылап, анысы чуу менен коштолгон. Кызматташтыктын багыттары Акылбек Жапаров... Читать дальше...

УКМК: маңзат соодасына шек саналган милиция кызматкерлери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү ("баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү"), 343-беренесинин 2-бөлүгү ("опузалап пара талап кылуу") жана 262-беренесинин 1-бөлүгү ("кылмыш чөйрөсүн түзүү)" беренелери менен кылмыш иши козголду. "Кармалган милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, синтетикалык маңзатты өзү колдонуу үчүн сатып алган адамдарды аныкташкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *