Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 23.08.2023

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 24-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35, Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 31…36, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 32…37, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” бекетинде да кезек пайда болду

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 493гө жетти. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген. Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Читать дальше...

Тажикстандан Өзбекстанга 55 килограмм маңзат алып бараткандар кармалды

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Ойбек" бекетинде ири өлчөмдө маңзат алып бараткан автоунаа кармалды. Ташкент облустук бажы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, маңзат газ баллонуна (49 таңгак) жана автоунаанын бензин куйган жерине (31 таңгак) катылган. Кармалгандар Өзбекстанга 52,8 килограмм гашиш, 2 килограммдан ашык героин жана курамында 950 грамм синтетикалык маңзат бар клей алып кирүүгө аракет кылганы айтылууда. Факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Читать дальше...

Дагестандагы жарылууда төрт өзбек жараны өлгөнү аныкталды

Azattyk.org 

Дагестандын борбору Махачкалада 14-августта болгон жарылууда набыт болгон 35 кишини төртөө Өзбекстандын жарандары экени аныкталды. Бул тууралуу Дагестан Республикасынын башчысы Сергей Меликов трагедиядан бир апта өткөндөн кийин билдирди. Алардын тек-жайы айтыла элек. Ташкент азырынча комментарий берген жок. 14-августта Махачкаладагы май куюучу станциядагы өрт жана жарылуудан дагы 119 адам жараат алган. Ондогон имарат зыян тарткан. Кылмыш иши козголуп, окуя иликтенүүдө. Жарылууга агрохимикаттарды... Читать дальше...

УКМК Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “алдамчылык” беренеси менен Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалганын билдирди. Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүү Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун жанынан жер тилкесин берем деп бир жарандын ишенимине кирип, анын 5000 долларын жана Ауди С4 автоунаасын тартып алган. УКМК шектүү ал жер тилкесин Көлбаевге өткөрүп бергенин билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Майрамбек... Читать дальше...

Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы корук ачылмай болду

Azattyk.org 

Өкмөт Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосунда Байтик баатыр атындагы чакан корук ачууну көздөөдө. Бул үчүн тоодогу жер тилкелеринин ээлерин аныктоо, Жер кодексине ылайык аларга башка жактан жер бөлүп берүү, көрүстөнгө айланган тилкелерди да тактап, үч ай ичинде чакан корук ачууга негиздеме даярдоо тапшырмасы берилди. Мындай чечим Байтик баатырдын ысымын түбөлүккө сактоо жана жагымдуу экологиялык чөйрөнү колдоо максатында кабыл алынып жатканы, ал жерге тарыхый-маданий корук макамы берилери кабарланды. Читать дальше...

Сокеев: Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок

Azattyk.org 

23-августта Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарындагы суунун көлөмү боюнча комментарий берди. Ал Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында суу аз болгондуктан Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүү убактылуу токтотулганын коңшу өлкө түшүнүү менен кабыл алганын айтты. Алмазбек Сокеев казакстандык адистер менен сүйлөшкөнүн, алардын сууга байланыштуу Кыргызстанга эч кандай дооматы жок экенин айтканын кошумчалады. Читать дальше...

Kaktus.media сайтына каршы доо арыз боюнча сот 4-сентябрда уланат

Azattyk.org 

23-августта Бишкек шаардык соту "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча тараптардын арызын карай баштады. Арызда "Вечерний Бишкек" Kaktus.media басылмасынан 25 миллион сом өндүрүп берүүнү суранган. Ал эми Kaktus.media юридикалык тараптарга моралдык компенсация төлөнбөйт деген негизде арыз менен кайрылган.  "Моралдык зыян эч качан юридикалык тараптарга өндүрүлбөйт. Жарандык кодексте да, Жогорку соттун пленумунда да моралдык зыян жеке, физикалык тараптарга гана өндүрүлөт деп каралган. Читать дальше...



Кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосуновдун жакындары ЖАК алдына чогулушту

Azattyk.org 

Милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектин тергөө абагына которулуп жатканын айткан жакындары бүгүн 23-августта Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) алдына акцияга чыгышты. Алардын өкүлдөрү мекеменин ичине сүйлөшүүгө киришти.   Ал эми анын жактоочусу Бактыбек Жумашев өлкө жетекчилигине жана тийиштүү мекемелердин башчыларына кайрылып, Токтосуновду Бишкекке которуу тууралуу чечимди жокко чыгарууну суранды. Адвокат Бишкектин тергөө абагында буга... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагылар ачкачылык жарыялаганы кабарланды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун аракеттерине нааразылык билдирип ачкачылык жарыялаганы кабарланды. Тергөө абагындагылардын билдирүүсүн 23-августта укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына чыгарды. Анда судья Марат Сыдыков сот отурумун утур-утур жылдырып жатканы, шектүүлөргө иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк бербей жатканы жазылган. “Урматтуу мекендештер, достор жана туугандар... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасы: үч күндөн бери кезек күткөндөр

Azattyk.org 

Баштапкы маалыматтарда мындай жагдайга өткөрмө бекеттеги рентгендин иштебей калганы себеп катары айтылды. Кийин Казакстандын бийлик өкүлдөрү муну маңзат аныктоо операциясына байланыштуу көзөмөлдүн күчөгөнү менен түшүндүрдү.

Тоголок алтын кенин "Кумтөр Голд Компани" иштетет

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин иштетүү үчүн лицензия “Кумтөр Голд Компани” ишканасына берилди. Бул тууралуу компаниянын президенти Алмаз Барыктабасов 22-августта “Биринчи радиодогу” маегинде айтты. Ал лицензия өткөн аптада алынганын жана чалгындоо иштери улантыларын билдирди. “Кенде СССР убагында – 1979-1980-жылдары чалгындоо иштери болуптур. С1, С2 категориясы боюнча 17-18 тоннадай алтын бар”, - деди Барыктабасов. Ал лицензия кандай шартта берилгени жана кен качан иштеп баштары тууралуу маалымат берген жок. Читать дальше...

Бишкек мэриясы 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэриясы борбордо коомдук-муниципалдык транспорттор электрондук төлөмгө өткөн үч күндүн ичинде 80 миңден ашык “Тулпар” картасы сатылганын билдирди. Жүргүнчүлөр карта жок калып жатканын айтып арызданышууда. Мэрия коомдук транспортторго карталарды жеткирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады. Бишкекте 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспорттордо накталай акча кабыл алынбай жатат. Мындан ары жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен - “Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар... Читать дальше...

АКШ Кытайды экономикалык ачыктыкты сактоого чакырды

Azattyk.org 

Шейшембиде АКШ Кытайды акыркы айларда экономикасы тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбай, маалымат берген кытай фирмаларын куугунтуктап жатканы үчүн сынга алды. Кошмо Штаттар мындай аракеттерди жоопкерчиликсиз деп эсептей турганын Reuters агенттиги билдирди. Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан дүйшөмбүдө өткөн жыйында кытай өкмөтүнүн жаштар арасындагы жумушсуздук жана башка көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтары азайып, андагы тазалыктын жана ачыктыктын деңгээли төмөндөп кеткенин билдирди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *