Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 25.08.2023

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

27-28-29-августта Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 27-августунда күндүз жана 28-августуна көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 28-29-августта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 18…23°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9°, күндүз 17…22°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 13…18°... Читать дальше...

УКМК Таластагы эки жүздөй мечитти текшерди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусундагы эки жүзгө жакын мечит, намазкананы текшерүүгө алганын билдирди. Жыйынтыгында 192 мечиттин бешөө каттоодон өткөн эмес, 172синин өрт коопсуздук эрежелерине жооп бербестиги, 107синде санитардык-гигиеналык талаптар сакталбаганы аныкталган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан 29 мечит өткөн эмес. Мечиттерди текшерүүгө мамлекеттик тийиштүү органдардан атайын топ түзүлүп, жогорудагы кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Читать дальше...

Кожошев Казакстан ЕЭКтин чек арадагы тыгын боюнча кайрылуусуна жооп бере электигин билдирди

Azattyk.org 

Казакстан Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды териштирүү үчүн түзүлгөн байкоо тобунун расмий кайрылуусуна жооп бере элек. Бул тууралуу аталган топтун төрагасы, ЕЭКтин министри Арызбек Кожошев “Азаттыкка” билдирди. “Биз 24-августта кыргыз тарап менен жолугуп, керектүү маалыматтарды алдык. Казак тарапка өтөлү десек, алар бийликтен эч кандай билдирүү болбогонун айтып, бизди кабыл ала албайбыз дешти. Биз аларга дагы эки күн бул жакта болорубузду айтып, күтөбүз дедик. Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасы: кырдаал өзгөргөн жок

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасына байланыштуу бир катар кош тараптуу жолугушуулар өтүп, кайрылуулар жасалды. Казак тарап “эч кандай чектөө жок” деген жүйөнү карманууда. Чек арада болсо жүк ташуучу унаалардын узун кезеги али кыскарбаганын ал жерде турган айдоочулар "Азаттыкка" айтты.   Кыргызстандын чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева бүгүн, 25-августта саат 11:00го карата абал өзгөрбөгөнүн "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасында турган оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги... Читать дальше...

1-сентябрдан тарта кыргызстандыктар Өзбекстанга ID паспорт менен кире алат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 1-сентябрдан тарта эки өлкөнүн ортосундагы чек арадан ID паспорт менен өтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 25-августта билдирди. Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 3-майда карап, жактырган. Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл төрт айда Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн 618 миң киши кирип, Кыргызстандан ал өлкөгө 1 млн 574 миң 732 киши чыкканын билдирген. Эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 60 күн... Читать дальше...

Дональд Трамп камалып, күрөөгө бошотулду

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 24-августта формалдуу түрдө камалып, ошол эле күнү дароо күрөөгө бошотулду. Формалдуу процедура Атланта шаарынын түрмөсүндө жүргүзүлдү. Атланта шаарында Жоржия штатынын Фултон округдук прокуратурасы жайгашкан. Аталган мекеме жакында Трамка 2020-жылдагы президенттик шайлоонун бул округдагы жыйынтыгын бурмалоо максатында көмүскө келишимге барган деген негизде айып таккан. Трамп Атлантага Нью-Жерсиден жеке учагы менен барды. Аны полиция кызматкерлеринин коштоосунда түрмөгө жеткирип... Читать дальше...

УКМК Олжобай Шакирдин кылмыш иши жөнүндө маалымат таратты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, публицист Олжобай Эгембердиев (Олжобай Шакир) "массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатканын" билдирди. Атайын кызмат "Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген" деп билдирди. УКМК анын билдирүүлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп... Читать дальше...

Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынына катышты

Azattyk.org 

Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. 24-августагы жыйынга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, Евразия экономикалык биримдигинде товар, капитал, кызмат көрсөтүү жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун маанилүүгүн белгиледи. Жыйында ЕАЭБдин 2030-2045-жылдарга чейинки стратегиясы, интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн... Читать дальше...

Президент Жапаров Европарламенттин резолюциясына жооп берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Парламентин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен Бишкектеги 24-августтагы жолугушуусунда өлкөдөгү адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө пикирин билдирди. Президенттин аппарат жарыялаган жолугушуунун видеосунда Жапаров Европарламенттин жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюциясына жооп берди. “Сөз эркиндиги жана адам укуктарын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *