“Азаттыктын” YouTube каналына катталгандар 2 миллионго жетти
“Азаттык” радиосунун YouTube каналында катталуучулар 2 миллионго жетти. Каналдан сиз Кыргызстанда жана дүйнөдө болуп жаткан саясий, коомдук окуялардан кабардар боло аласыз. Ошондой эле каналга курч иликтөөлөр, эксклюзивдүү маектер, кызыктуу каармандардын окуялары, видео баяндар, даректүү тасмалар жүктөлөт. Ар кандай талкуулар, окуялар, жаңылыктар да түз алып (livestream) берилет. “Азаттыктын” YouTube каналы 2010-жылы ачылган. Бардык социалдык тармактарда “Азаттыктын” расмий баракчалары бар. Ушул тапта Facebook'тагы баракчага 465 миң... Читать дальше...