Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 06.09.2023

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

Кырызгидромет борбору билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: алты саясатчы абакта кыйноо уланып жатканын айтышты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун басымга кабылып жатканын айткан кайрылуусу 6-сентябрда Фейсбукка жарыяланды. Анда алар абактын жер төлөсүндөгү караңгы, сыз камераларга которулушканын, 5-сентябрда алардын жанына башка адамдар да киргизилип, "дем алуу кыйын болуп жатканын" айтышкан. “Жаңы киргизилген адамдардын арасында коркунучтуу оорулар менен ооруган, адам өлтүрүү менен соттолуп жаткандар бар экен. Читать дальше...

ЖК “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Azattyk.org 

6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Документке 66 депутат “макул”, төрт депутат “каршы” деп добуш берди. Жыйында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоорунда Конституциялык сот караган маселе боюнча жаңы жагдайлар чыкса, кыргыз элинин баалуулуктарына каршы келсе, кабыл алынган чечим кайра караларын билдирди. Ал документтин кайсы бир деңгээлде “матроним” маселеси боюнча Конституциялык... Читать дальше...

"Бүтүн Кыргызстан" Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунушайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталат. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев 6-сентябрда маалымат жыйында билдирди. Ал эртеңки жыйында Мадумаровдун маселеси көтөрүлө турганын, фракциянын жыйыны өтүп, анда укук коргоо органдарынын маалыматы угуларын белгиледи. Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында фракциянын мүчөсү, депутат Гуля Кожогулова бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алууну сунуштаган. Читать дальше...

Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко арыз берилди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаты анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу 6-сентябрда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Гуля Кожокулова билдирди. "Азыр анын саламаттыгына байланыштуу маселе бар. Мадумаров бир камерада үч киши менен отурат, ага таза аба жетпей жатат. Ал саламаттыгына байланыштуу сейилдеп, жөө басып турушу керек", - деди ал. “Бүтүн Кыргызстан”... Читать дальше...

Көкүлов менен Иманалиевдин кайым айтышы парламентте талкууланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Эрулан Көкүлов менен билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин кайым айтышы талкууланды. Депутат Мирлан Самыйкожо эл өкүлдөрүн популизмден алыс болууга, “пиарды туура жүргүзүүгө” чакырды. “Мисалы, өкмөттүн мүчөлөрү келгенде мен аябай даярданам. Анткени алар 20-30 жылдап иштеген адистер. Биз өзүбүз пиарды туура кылганды үйрөнүшүбүз керек. Же пиарчы, блогер бололу, же өзүбүздүн статусубуз менен депутат бололу”. “Ынтымак” фракциясынын лидери... Читать дальше...

Парламентте Байсаловду кызматтан алуу маселеси дагы көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматы боюнча маселе дагы деле күн тартибинде турганын билдирди. Спикер 6-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Шайлообек Атазовго жооп берип жатып, Эдил Байсаловдун кызматына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы жана президент менен да сүйлөшкөнүн айтты. Мунун алдында Шайлообек Атазов буга чейин Эдил Байсаловду кызматтан алуу тууралуу үч фракция чечим кабыл алып президентке сунуштама бергенин... Читать дальше...

Бакировдун ордуна келген Рысбаев парламентте ант берди

Azattyk.org 

Депутаттык мандатынан ажыратылган Өмүрбек Бакировдун ордуна келген Равшанбек Рысбаев 6-сентябрда Жогорку Кеңеште ант берип, ишке киришти. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Өмүрбек Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган. Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган. Читать дальше...



Гуля Кожокулова: “Бүтүн Кыргызстан” оппозициялык фракция бойдон калат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова Адахан Мадумаровдун иши боюнча парламентке укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алуу сунушун берди. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жалпы жыйынында айтып, Адахан Мадумаров мыйзамсыз камалганын билдирди. “Биз оппозициялык фракция бойдон калабыз жана мамлекеттик органдардан, бийликтен Конституциянын, мыйзамдардын так аткарылышын, Кыргызстандын жарандарына калыс мамиле кылышын талап кылабыз”, - деди Гуля Кожокулова. Читать дальше...

Шакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды. Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты. “Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Читать дальше...

Сохто такталган чек арага тосмо орнотуу боюнча район жетекчилери жолукту

Azattyk.org 

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдиргендей, 5-сентябрда Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы такталган чек араларга инженердик курулмаларды (тикен зым тосмолорун) орнотуу боюнча чектеш эки район акимдеринин жолугушуусу өттү. Жолугушууда Баткен районуну акими Учкунбек Жоробаев менен Өзбекстандын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаев эки өлкөнүн чек араларындагы тосмолоо иши Сох анклавынын айланасында зарыл участоктордо жүрүп жаткандыктан иштин жүрүшүндө... Читать дальше...

БШК Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматты иликтөөдө

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Самаковдун соттуулугу боюнча маалыматтарды иликтеп жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтына маалымат жарыяланды. Анда Фейсбукта Кубанычбек Самаковго кылмыш иши козголгону жана соттуулугу жоюлбаганы тууралуу билдирүүлөр тараганы айтылат. Ушундан улам ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ маалыматты текшерип берүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигине (ИИМ)... Читать дальше...

"Мектепте жок экен, базардан таптык". Китеп издеген ата-энелер

Azattyk.org 

Кыргызстандын мектептеринде окуу китептери жетишсиз болууда. Мындан улам айрым ата-энелер балдарына китептерди өздөрү сатып берүүгө аргасыз. Билим берүү министрлиги окуу стандарттары өзгөргөнүнө жана окуучулардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу китептер жетишпей жатканын айтууда. Китеп издеген ата-энелер Бишкек шаарынын тургуну Айпери Төлөмүшова эки кызын жетелеп, жер алдындагы өтмөктөрдөгү дүкөндөрдөн мектепте жетишпеген китептерди издеп келген. Кыздарына кийим-кече, окуу куралдарын эми алып бүткөндө... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: материал менен таанышууга кошумча убакыт берилди

Azattyk.org 

5-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул иш боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, тергөө абагында жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бузурманкулов жана активист Марат Баязов материалдар менен толук тааныша албаганын айтып дагы убакыт сураган.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *