Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 13.09.2023

Быйыл 25 миңдей мугалим кесиптик билимин тереңдетти

Azattyk.org 

Быйыл июнь-август айларында өлкө боюнча 25 миңдей педагог кесиптик чеберчилигин жогорулатууга багытталган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында окуудан өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Аталган мекеме 33 миң мугалим тренингден өтөрүн билдирди. Мугалимдер "Санариптик сабаттуулук”, “Инновациялык педагогикалык технологиялар”, "STEM билим берүүнүн негиздери” жана “Коррекциялык... Читать дальше...

Абдыкеримовду камоо чечими бизнеске кооптуу коңгурообу?

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, учурда чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Абдыкеримовдун өзү соңку окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын жакындары компаниянын ички эрежелеринин бузулушу ушул жыйынтыкка алып келгенин билдирүүдө. Бишкектин Биринчи... Читать дальше...

Министрлик “Дастан” менен “Евразия сактык банкын” кайра Мүлк фондуна өткөрөт

Azattyk.org 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги бир жыл мурун өзүнө алган “Дастан” ишканасын жана “Евразия сактык банкы” мамлекеттик банкын кайрадан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондуна өткөрүп берет. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткарып жаткан Нурия Кутнаева Жогорку Кеңештин 13-сентябрдагы жыйынында билдирди. Депутат Дастан Бекешев аталган министрликке мурда өткөрүлгөн мүлктөрдү мурдагы министр Талант Иманов “баарын өзү көзөмөлдөө үчүн алганын алганын” айтып, алардын тагдыры тууралуу сурады. Читать дальше...

Казакстанда камакта отурган Эрмек Маркабаевдин маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Azattyk.org 

Казакстанда бир нече айдан бери камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин маселеси бүгүн 13-сентябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Балбак Түлөбаев кыргыз бийлигинен ал боюнча расмий маалымат берүүнү сурап, Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине жана акыйкатчыга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү: «Социалдык түйүндөрдөн баарын көрүп жатабыз – кандай кармалганын, чөнтөгүнө кантип салганын… Бул биздин жарандын тагдыры эмне болуп жатат? Тышкы иштер министрлиги расмий билдирип койсоңуздар. Читать дальше...

Шаардык сот Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 13-сентябрда жазуучу, публицист, тергөө абагында отурган Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыктын” сот жараянына катышкан кабарчысы билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар жазуучунун кармалышы жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Читать дальше...

"Кемпир-Абад иши": Материалдар менен таанышууга дагы кошумча убакыт берилди

Azattyk.org 

13-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бул иш боюнча айыпталып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков материалдар менен толук тааныша албаганын айтып дагы убакыт сураган. Судья өтүнүчтү колдоп, 20-сентябрга чейин убакыт берди. ... Читать дальше...

Кыргыз-Орусия Славян университетине жетекчи болуп орусиялык жаран дайындалды

Azattyk.org 

Кыргыз-Орусия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп орусиялык Денис Фомин-Нилов дайындалды. Окуу жайдын сайтына бүгүн 13-сентябрда жарыяланган маалыматка караганда, чечим биргелешип кабыл алынды, дайындоо тууралуу буйрукка Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Уланбек Усеков жана Орусиянын Билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский кол коюшту. Бишкекте өткөн жолугушууда жаңы жетекчи университетти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясын тартуулаганы... Читать дальше...

Кыргызстан жети айда сыртка 7,4 тонна алтын экспорттоду

Azattyk.org 

2023-жылдын январь-июлунда Кыргызстандан чет өлкөлөргө 7,4 тонна алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети өлкөнүн жети айдагы тышкы соодасынын эсебин чыгарган бюллетенинде жарыялады. Маалыматтарда айтылгандай, аталган көлөмдүн наркы 40,5 млрд сомду же 463,5 млн долларды түзгөн. Алтындын дээрлик 6 тоннасы Швейцарияга, 1 тоннадайы Кытайга, жарым тоннадайы Бириккен Араб Эмираттарына жана калганы Түркияга сатылган. Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" жети-сегиз айда канча алтын өндүргөнү так айтыла элек. Читать дальше...



Олжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу карала баштады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 13-сентябрда жазуучу, публицист, тергөө абагына камалган Олжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча анын адвокаттарынын даттануусун карап баштады. Бул тууралуу сот жараянына катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Жазуучунун адвокаты сотту сүрөт-видеого тартууга уруксат сурап, ал өтүнүч канааттандырылды.   Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга... Читать дальше...

Мамлекеттик сыйлык алгандар жана коомчулукта сындалгандар

Azattyk.org 

Эгемендик күнүнө карата ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды 12-сентябрда президент Садыр Жапаров "Ала-Арча" резиденциясында тапшырды. Мамлекеттик сыйлык алган 400дөн ашуун адамдын катарында коррупцияга айыпталып, айып пул төлөп чыккандар, мамлекет башчыга жакын адамдар да бар экени коомчулукта талкууга алынууда. "Өмүрү өрнөк инсандар" Эгемендик майрамын утурлай президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 450гө чукул адамга эң жогорку "Манас", "Даңк", "Эрдик" орден-медалдары баштаган мамлекеттик сыйлыктар берилген. Читать дальше...

Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия саммити жана кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу жана анын алкагында кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өтөт. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров аймактагы мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапар менен Дүйшөмбүгө барат. Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары катышат.  Сапар алкагында Садыр... Читать дальше...

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирди. "Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр менен айткан болсом бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм". Читать дальше...

ТИМ: Кыргызстан Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт

Azattyk.org 

Кыргызстан Тоолуу Карабактагы соңку окуяларга байланыштуу Азербайжандын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 12-сентябрда тараткан билдирүүдө айтылды: “Эл аралык таанылган чек аралардын бүтүндүгүн чечкиндүү түрдө жактап, Кыргыз Республикасы бардык маселелерди БУУнун Уставына жана эл аралык укуктун негизги принциптерине жана нормаларына ылайык саясий жана дипломатиялык жолдор менен чечүүгө чакырат”. Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып алгач 1980-жылдары согушкан. Читать дальше...

“Клооп” министрликтин талабын аткарбай турганын, адилетсиздикке каршы күрөшө берерин билдирди

Azattyk.org 

“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайттагы жаңылыкты өчүрүү тууралуу талабын аткарбай турганын билдирди. Басылманын сайтына 12-сентябрда “«Клооп» макаланы өчүрбөйт. Коркутууларга карабай бийликтин адилетсиздигине каршы күрөшөт” деген макала жарыяланды. Анда “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт” деп айтылды. Читать дальше...

АКШ элчилиги Болот Темировго байланыштуу сот чечими боюнча билдирүү жасады

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү журналист Болот Темировго каршы өкүм Жогорку Сотто да колдоо тапканына байланыштуу билдирүү таратты. 12-сентябрда жарыяланган билдирүүдө Жогорку Соттун Темировдун апелляциясын канааттандыруудан баш тартып, мурдагы сот чечимдерин күчүндө калтырганы капалантары белгиленди. “Коррупцияга каршы күрөштө эркин медиа өкүлдөрү маанилүү – аларды жазалоо эмес, коргоо керек. Америка Кошмо Штаттары басма сөз эркиндигин туу тутуп, Кыргыз Республикасындагы көз каранды... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *