"Медузанын" негиздөөчүсүнүн телефонуна тыңчы программа чабуул койду
Meduza басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Галина Тимченконун телефонуна Pegasus тыңчы программасы чабуул койду. Бул тууралуу Access Now коммерциялык эмес уюму жана басылманын өзү кабарлады. Маалым болгондой, Apple 22-июнда Тимченкого хакердик чабуул жасалган болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Редакция жардам сурап Access Now уюмуна кайрылганда адистер смартфонго чабуул болгонун тастыкташкан. Аталган уюмдун иликтөөсүнө караганда, телефонго тыңчылык программа болжол менен 2023-жылдын 10-февралында "жуккан". Читать дальше...