Баткенде аскер кызматкерлерине курулган үй колдонууга берилди
Баткен облусунда 2021-2022-аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айылында "Кулунду" чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курам үчүн салынган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган. 48 батирлүү турак-жай колдонууга берилди. Анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга ылайыктуу жайлар каралган. Читать дальше...