Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан алынды
Чыңгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы 18-сентябрда жарыялады. Ушул эле күнү Руслан Бийбосунов Орусиянын Сибир жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду. Эшимбеков менен Бийбосунов бул кызматтарга 2019-жылы 17-сентябрда дайындалган. Чыңгыз Эшимбеков ага чейин Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп иштеген.