Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 20.09.2023

Тоолуу Карабактагы чыр: Баку “антитеррордук операция” баштады

Azattyk.org 

Буга чейин расмий Баку алты жараны минага жарылып мүрт кеткенин кабарлап, муну Тоолуу Карабактын армиясынан көргөн. Армян депутаттары Баку жалган доомат менен аймакты аткылап жатканын жазышты. Армениянын Коргоо министрлиги түшкө маал кырдаал туруктуу экенин кабарлады.

Милиция Селекцияда аялды бычактаганы айтылган жаран кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Сокулук районунун Селекция айылында аялды бычактаганы айтылган кишини милиция кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы 20-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Милицияга Селекциядагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы аял бычакталып, кийин ооруканага жеткирилгени жөнүндө маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 39 жаштагы Э.А. аттуу жаран кармалды. Читать дальше...

Тасмага атайын күбөлүк алууну талап кылган жобого каршы арыз сотто каралууда

Azattyk.org 

Иш-чараларда тасма көрсөтүү үчүн уруксат талап кылган жобону жокко чыгаруу тууралуу арыз Бишкектин Административдик сотунда карала баштады. 19-сентябрга белгиленген отурумга жоопкер тарап – өкмөттүн жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү келбей калгандыктан 5-октябрга белгиленгенин “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. “Балким, кумсалар деп айтып жатышат булар. Кумсалар да адамдар, эмне кылса өзүнүн иши, негизгиси, эч кимге зыян-залакасы тийбесе. Читать дальше...

Ат-Башы, Араван, Ноокендин борборуна шаар макамын берүү сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында бир нече депутат Ат-Башы, Араван, Ноокен райондорунун борборлорундагы айылдарга шаар макамын берүү маселесин көтөрдү. Депутат Улан Бакасов Ат-Башы район борборундагы эки айылды кошуп шаар кылууну сунуштады. “Ат-Башы районунун борборундагы айылда 14 миң 700 калкы бар. Жанындагы Ак-Жар айылында беш миң жети жүз киши жашайт. Экөөнү кошуп шаарга айлантсак болобу? Ошого жардам бериңиз”, - деди депутат. Депутаттар Мейкинбек Абдалиев Ноокендин борборунда 27 миң киши жашай турганын... Читать дальше...

Балашихада газ жарылып, үч кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Подмосковьедеги Балашиха шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, кеминде үч киши мүрт кеткенин ТАСС агенттиги кабарлады. Тогуз кабат үйдүн үч кабаты урап түшкөн. Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев жазгандай, урандылардын алдында бир аял жана бала калган. Куткаруучулар аларды аман-эсен алып чыгуунун аракетин көрүп жатышат. 20-сентябрь күнү эртең менен болгон окуяда жалпы ондой батир жабыркаган. 170 тургун коопсуз жакка чыгарылды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Тергөө... Читать дальше...

Казакстан: Назарбаевдин иниси Самат Абиш боюнча иликтөө жүрүп жатат

Azattyk.org 

Казакстандын Башкы прокуратурасы 19-сентябрда билдиргендей, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы биринчи орун басары Самат Абишке каршы сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Ал Январь окуялары маалында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Мекеме тараткан билдирүүдө "Конституциянын нормаларына ылайык, баары мыйзам алдында бирдей экени" белгиленген.   Башкы прокуратуранынын билдирүүсүнөн бир күн мурда, Январь окуялары боюнча айыпталып жаткан коопсуздук комитетинин... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Шашылыш билдирүү 20-22-сентябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы болот. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 21-22-сентябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°... Читать дальше...

Баку Тоолуу Карабакта аскердик операцияларды улантуу ниетин билдирди

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу чакырыктарына жана этностук армяндардын сүйлөшүү жүргүзүү сунушуна карабай, Азербайжан жикчил Тоолуу Карабакта аскердик операцияларды улантуу ниети бар экенин билдирди. Азербайжандын Коргоо министрлиги 20-сентябрдын таңында тараткан билдирүүсүндө диверстанттарга каршы «антитеррордук операция» ийгиликтүү уланып жатканын билдирди. Азери президентинин администрациясы тараткан билдирүүгө ылайык, Илхам Алиев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге «антитеррордук... Читать дальше...



Түркияда кырсыкка кабылган эки учкучтун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Azattyk.org 

Түркиянын Мендерес аймагында тик учак кырсыгында каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү 20-сентябрда Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди. Маалыматка ылайык, алардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди. 16-сентябрда түнү Түркиянын Мендерес аймагында токойдогу өрттү өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгонун... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сот залынан чыгарылды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча отурум уланып, анда айыпталуучулар кылмыш иши менен толук тааныша электигин айтышты. Алар дароо сот процесси башталганына нааразы болуп, сот залында ызы-чуу чыкты. “Азаттыктын” кабарчысы айыпталуучулар сот залынан чыгарылганын кабарлады. 13-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып абакта жаткандар тергөөнүн материалдары менен таанышуу үчүн дагы убакыт сурап, аны судья Марат Сыдыков канааттандырган. Ага чейинки соттук процессте айыпталган... Читать дальше...

Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салууну караштырууда

Azattyk.org 

Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салынуу сунуштады. Өкмөттүн токтом долбоорлору жарыяланган сайтында бул “өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана унга болгон бааларды турукташтыруу максатында иштелип чыкты” деп жазылган. Токтом кабыл алынса алты айга буудай, меслин жана буудай унун экспорттоого тыюу салынат. 19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын... Читать дальше...

Парламентте Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүлбөй калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлбөй калды.  Депутаттык комиссиянын түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев комиссия түзүү үчүн 46 добуш керек экенин айтып, сунуш өтпөй калганын билдирди. “Альянс” фракциясынан Жанарбек Акаев... Читать дальше...

ӨКМ: ашууда калган беларус айдоочусу изделүүдө

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) 19-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 275-чакырымындагы Калмак-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаа чыга албай, жолду тосуп калганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган мекеменин билдиришинче, куткаруучулар барганда токтоп турган машинаны көргөн, бирок айдоочуну таба алган эмес. ӨКМ айдоочу Беларус мамлекетинин жараны экени такталып, издөө жарыяланганын билдирди. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу аркылуу Кытайдан жүк ташылат. (TSh)

Орусия Бишкек менен Дүйшөмбүнү чек ара боюнча кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү таратты. Мекеменин сайтындагы билдирүүдө Москва Бишкек менен Дүйшөмбүнүн чек араларын тактоо багыттындагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып жатканы айтылат. Маалыматта Кыргызстан менен Тажикстан Орусиянын стратегиялык өнөктөштөрү экенин белгилеп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин пикир келишпестигине жол бербөө жана жана аймактагы туруктуулукту сактоого кызыкдар экени айтылат. Орусиянын Тышкы... Читать дальше...

Кыргыз-тажик президенттери Нью-Йоркто жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-сессиясынын алкагында жолугушту. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы маалымдады. Өлкө башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгын талкуулады. “Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча пикир алмашты”, - деп айтылат билдирүүдө.... Читать дальше...

Жапаров БУУда геосаясий чыңалуу жана аймактык бүтүндүк тууралуу маселе көтөрдү

Azattyk.org 

19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөндө дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга токтолду. Жапаров дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр Борбор Азия мамлекеттериндеги стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир этип, ошол эле учурда чөлкөмдүн ролун, маанисин арттырып жатканын белгиледи. Ал Борбор Азия чөлкөмүн геоэкономикалык мейкиндик жана геосаясий ортомчу катары көрө турганын айтты. Мамлекет башчы климаттык кризис... Читать дальше...

АКШ Тоолуу Карабак маселесинде Баку жана Ереван менен сүйлөшөт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен Тоолуу Карабактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакынкы 24 сааттын ичинде Баку жана Ереван менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу 20-сентябрга караган түнү Reuters агенттиги жазды. 19-сентябрда Азербайжан армиясы “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында Карабакта "антитеррордук операция" жарыялап, армян жана жикчил карабак армиясынын турумдары бутага алынганын билдирген. Ереван Тоолуу Карабакта аскерлери бар экенин четке кагууда. "Азаттыктын"... Читать дальше...

Президент Жапаров: Бишкек АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыгын жактайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. 19-сентябрда Жапаров Нью-Йорктогу С5+1 саммитинде сүйлөгөндө бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарылдыгын белгиледи. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров кен жана энергетикалык ресурстарды пайдалануу маселесине да токтолуп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *