Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 21.09.2023

Ош-Эркечтам жолунда үч студент кыз каза тапты

Azattyk.org 

20-сентябрда Ош - Сары-Таш - Эркечтам эл аралык автоунаа жолундагы Каратай айылындагы жол кырсыгында үч адам каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кайгуул кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, каза болгондордун баары студент кыздар. Мекеме билдиргендей, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жеңил автоунаадагы алты адамдын үчөө көз жумган, калган үч киши ооруканага түшкөн. Жараат алгандардын абалы тууралуу маалымат бериле элек. Читать дальше...

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат 21-сентябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт. Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан... Читать дальше...

Алиев Тоолуу Карабакта суверендүүлүк калыбына келтирилгенин айтты

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабактагы “антитеррордук операция” бир күн ичинде максатына жетип, “суверендүүлүк калыбына келтирилгенин”  билдирди. Азербайжан элине кайрылган Алиев эгер Карабактагы куралдуу топтор багынып бербесе, армия "аягына чейин барууга даяр" экенин белгиледи. Ал “антитеррордук операцияда” карапайым тургундар курман болбогонун жана жарандык объектилерге сокку урулбаганын кошумчалап, каршылаш тараптын аскердик объектилери менен техникасы талкаланганын айтты. Читать дальше...

"Суудан жок же ундан жок". Кыргыз базарында нан кескин кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстандын базарларында нандын, ундун баасы кескин жогорулады. Казакстандан ташылып келген ундун бир кабы миң сомго чейин кымбаттаганы айтылууда. Өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жоктугун, Казакстандан ташылган ун темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди. Улуттук статистика комитетинин маалыматында быйылкы жылдын жети айында сырттан ташылган ундун баасы эки эсе көтөрүлгөн. Өкмөт буудайды экспорттоого тыюу салып, бааны туруктуу кармоого аракет көрүүдө. Ал тапта жер-жерлерде... Читать дальше...

Зомбулуктан жабыркаган аялдар маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү

Azattyk.org 

Зомбулуктан жабыркаган аялдар маселеси бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Гүлшаркан Култаева Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган келиндин окуясын мисалга келтирип, бийликти үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын арыздары боюнча кандай иш жасалып жатканына көңүл бурууга чакырды: “Канча аял кайрылды, ошолордун баары боюнча акырына чейин иш алып баруу тапшырмасын берсеңиз. Анткени бир күн өтөт, эки күн өтөт, акыры келип же денесинен оор жараат алып... Читать дальше...

Селекцияда аялын бычактаган кишини сот пробацияга бошоткону белгилүү болду

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Селекция айылында бычакталган келин күйөөсү менен ажырашып, андан бери эки ирет анын зомбулугунан улам милицияга кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн 21-сентябрда "Азаттыкка" билдирди. "Жабыркаган келин былтыр сентябрда мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган. Сокулук райондук ички иштер кызматкерлери шектүүнү ошол күнү кармап, Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен иш козгогон. Кийин... Читать дальше...

Депутат Икрамов өкмөттүн азык-түлүк боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында аткаруу бийлигинин тамак-аш коопсуздугу боюнча кышка даярдыгын угууну сунуштады. Ал базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, буга өкмөттү айыптады. “Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу боюнча план коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт

Azattyk.org 

22-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...



Парламентте Мадумаров боюнча комиссия түзүү маселеси бүгүн да чечилбей калды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун териштирүү боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси парламенттин бүгүнкү 21-сентябрдагы жалпы отурумунда да көтөрүлдү. Аталган фракциядан депутат Алишер Эрбаев маселени кайрадан добушка коюуну суранды: “Ар бир фракция өзүнүн өкүлүн көрсөтүп, бирок түшүнбөстүктүн негизинде протокол бекитилбей калган. Бүгүнкү күн тартибине ушуну биринчи кылып киргизип берсеңиз. Ушундай эле кайрылуу менен “Альянс”... Читать дальше...

Айгүл Жапарованын фонду Temirov Live каналынын иликтөөсүнө жооп берди

Azattyk.org 

"Эне – балага тирек" фонду Temirov Live редакциясынын иликтөөсүндө айтылгандар жөнүндө билдирүү таратты. Анда фонд Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги аларга акча бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилеген. Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 112 267 сомдук жардам көрсөткөнү көрсөтүлгөн. Чакмак Мемет аттуу жаран 563 610 сом салым кылып... Читать дальше...

Борбор Азия жана Түштүк Кореянын парламент төрагалары декларация кабыл алды

Azattyk.org 

Сеул шаарында уюштурулган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Түштүк Кореянын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмеси жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. "Келечекке багытталган өз ара байланышты өнүктүрүү" аталышында өткөн кеңешменин соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды. Декларация алкагында тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды мындан ары жигердүү өнүктүрүүнү макулдашып, энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү... Читать дальше...

Эсенгул Ибраев: жарандык поэзиянын шам чырагы

Azattyk.org 

Кыргыздын чыгаан акындарынын бири Эсенгул Ибраев курч сатиралык чыгармалары менен гана эмес, лирикалык жана жарандык ырлары менен да даңазаланган. Акындын 90 жылдык мааракесине арналган блог.   Тоо койнундагы айылдан кыргыз ааламына чыккан акын Кыргыздын чыгаан акын жана сатириктеринин бири, журналист, публицист, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эсенгул Ибраев (16.3.1933 – 05.8.2005) көзү тирүү болсо, быйыл 90 жаштын чайын ичип, аксакал катары насаатын айтып, төрүбүздө отурмак. Эсенгул агайыбыз... Читать дальше...

Министр Кулубаев Дональд Лу менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 20-cентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луга жолукту. Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланды. Андан тышкары “Борбор Азия+АКШ” аймактык платформасынын алкагында Кыргызстан менен АКШ кызматташтыкты сүйлөштү. “Тараптар С5+1 саммитинин жыйынтыгын талкуулап... Читать дальше...

АӨБ кыргыз экономикасы быйыл 3,8% өсөт деп болжол берди

Azattyk.org 

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстанда алтын өндүрүү жайлаганына жана аба ырайы айыл чарбасына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу экономиканын темпи жайлап, 2023-жылдын жыйынтыгында 3,8% өсүү менен чыгат деп эсептеди. Бул тууралуу мекеменин “Азияны өнүктүрүү баяндамасы” деп аталган изилдөөсүндө жарыяланды. АӨБ мурдагы болжолунда Кыргызстанда ички дүң продуктунун (ИДП) темпи 4,5% болот деп билдирген. Жаңы баяндамада финансылык уюм кыргыз экономикасы 2024-жылы 4% жогорулайт деп маалымдады. Читать дальше...

Казакстан ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар тобун “чет элдик тыңчылардын” тизмесине киргизди

Azattyk.org 

Казакстандын бийлиги расмий түрдө “чет өлкөлөрдөн, эл аралык жана башка өлкөлөрдүн уюмдарынан, чет элдиктерден жана жарандыгы жок адамдардан каражат жана мүлк алган тараптардын реестринин” тизмесин жарыялады. Медиа “чет элдик агенттердин тизмеси” деп атаган реестрдин узундугу учурда 40 сап болуп турат. Реестрге киргендер арасында Казакстандын ондогон укук коргоо уюмдары, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), журналисттер жана блогерлер кирди. Анын ичинде норвегиялык Хельсинки Комитетинин Казакстандагы борбору... Читать дальше...

Тоолуу Карабакта орусиялык аскерлер аткылоого кабылды

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактан кайтып келе жаткан орусиялык аскерлер 20-сентябрда аткылоого кабылды. Орусиянын Коргоо министрлиги орусиялык контингенттин машинеси байкоочу посттон келе жатканда аткылоого дуушар болуп, машинедеги аскерлер набыт болгонун билдирди. Канча киши каза тапканы азырынча белгисиз.  Коргоо министрлигинин маалыматында инцидент Жанятаг калктуу пунктунда болгон. Кырсык катталган жерде орусиялык жана азербайжандык тергөө кызматынын өкүлдөрү иштеп жатат.   Азербайжандын Коргоо министрлиги... Читать дальше...

Америка Борбор Азияны бооруна тарта алабы?

Azattyk.org 

Тарыхый бурулушпу же кечиккен кездешүүбү? Американын лидери менен Борбор Азиянын беш президенти биринчи жолу Нью-Йоркто бир үстөлгө отурду. Жо Байден беш өлкөнүн лидери менен эмне үчүн эми жолугууну чечти? Вашингтон чөлкөмдө таасири күч Москва жана Бээжин менен атаандаша алабы? Геосаясий оюнчулардын көңүлү кадалып турган шартта Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан өз кызыкчылыгын кантип алга сүрөйт? “Биз жана дүйнө” берүүсүндө талдадык.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *