Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгондор 13 миңден ашты
Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которууга мажбур болгондор 13 миң 500дөн ашты. Министрлер кабинети 26-сентябрда эртең менен билдиргендей, алардын 11 миңине баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлүп, калгандардын муктаждыктары такталып жатат. Маалымат каражаттары качып келаткандардын саны өсүп жатканын жазышты. Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан... Читать дальше...