Парламентте Абдрасуловдун иши боюнча маалымат алуу сунушу берилди
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалышы боюнча парламентте маалымат алуу сунушун берди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жалпы жыйынында демилге көтөрдү. “Башкы прокуратурадан 700 миң долларды алып, аны ойноп кайра ордуна коюп койгону боюнча Фейсбукта бирөө “кийинки ойногондо ийгиликке жет” деп жазып атат. Ушул боюнча Башкы прокуратура келип маалымат берип кетсин. Биз ишенген органда ушундай окуя болуп атса”, -деди депутат. Читать дальше...