Тоолуу Карабактан качкан армяндар
Тоолуу Карабактан Арменияны көздөй качкандардын саны көбөйдү. Алар жолдо тамак-аш тартыштыгынан жана ар кандай тоскоолдуктардан улам кыйналууда.
Тоолуу Карабактан Арменияны көздөй качкандардын саны көбөйдү. Алар жолдо тамак-аш тартыштыгынан жана ар кандай тоскоолдуктардан улам кыйналууда.
29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити өтөт. Ага Борбор Азиядагы беш өлкөнүн лидерлери катышат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мекеменин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Рустам Абдрасуловдун кармалышы боюнча 28-сентябрда маалымат таратты. Анда көзөмөл органы жасалма документтер менен коммерциялык банктарынын биринин кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда 1 млрд. 478 млн. орус рублин чыгарып кетүү фактысын тергеп жатканы айтылат. Мекеме бул иштеги күнөөлүүлөрдү аныктап, 20 млн. АКШ долларын анын ээси болгон орусиялык ишкерге өндүрүп берген. ... Читать дальше...
Парламент депутаты Жанарбек Акаев 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга элек балдарды, өспүрүмдөрдү зордуктаган деген айып менен соттолгон 88 адам сот чечими менен абактан пробация аркылуу чыгып кеткенин айтты. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты пробациялык көзөмөлгө алуу беренесин камтыган Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Жакында эле 36 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кесип салган окуядан кийин оор кылмыш жасагандарды пробация менен бошоткон сотторго катуу сын айтыла баштады. Читать дальше...
28-сентябрда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Жарым саатка созулган бул иш-чарага "Азаттыктын" журналисти Санжар Эралиев киргизилген жок. Президенттин басма сөз кызматынын өкүлдөрү муну "алдын ала аккредитациядан өтүү керек болчу" деп түшүндүрүштү. Жолугушууга катышкандардын айтымында, Жапаров азыркы геосаясий кырдаалда кыргыз-немис алакасын өркүндөтүүнүн мааниси тууралуу айтып, эки тараптуу кызматташтыкты күчөтүүнүн артыкчылыгына токтолду. Читать дальше...