Газа: ХАМАСтын барымтасынан дагы 17 киши бошотулду
ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) радикал топ Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берди. Израилдин армиясы билдиргендей, алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар. Маалыматка караганда, бошотулган израилдиктердин бири дароо ооруканага жөнөтүлдү. Израил ушул эле күнү түрмөдөгү 39 палестин аял менен баланы бошотту. Израил менен ХАМАС радикал уюмунунун ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен түзүлгөн макулдашууга ылайык... Читать дальше...