Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 23.11.2023

Газа: Согушту токтотуу жараяны жумага жылды

Azattyk.org 

Газадагы ок атууну убактылуу токтотуу жана согушкерлердин барымтасында турган туткундарды бошотуу жараяны буга чейин айтылгандай бүгүн эмес жума күнү башталары белгилүү болду. Бул жараян эмне себептен кечеңдеп жатканы азырынча белгисиз. Келишимде АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган ХАМАС барымтадагы 200дөн ашуун туткундан 50нү бошотуп берүүгө тийиш. Ал эми Израил өкмөтү абактагы 150 палестинди өткөрүп бериши керек. Эгер бул макулдашуу ишке ашса, бир жарым айдан берки согуштагы биринчи олуттуу дипломатиялык жетишкендик болот.

Ташиев: Матраимов, Көлбаев, "Женго" дегендер болбойт

Azattyk.org 

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш тууралуу парламентте биринчи жолу маалымат берди. “Женго” каймана аты бар Кадырбек Досонов Оштон Бишкекке которуларын айтты. Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун эки тарапташы соттолгону белгилүү болду. Аларга “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылган. Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу 24-ноябрга жылып, аймакта согуш кайра күчөдү. Израил армиясы соңку бир суткада абадан 300дөй сокку урганын билдирди.

Ташталган балдардын тагдыры, улутту ойлонтчу абал

Azattyk.org 

Соңку эки апта ичинде эле Кыргызстанда таштандыга, чоочун адамдардын эшигинин алдына, талаага калтырылган үч ымыркайдын окуясы катталды. Бул учурлар Кыргызстанда таштанды балдардын маселесин күн тартибине чыгарып, өкмөттө талкуу болду. Кыргызстандагы таштанды ымыркайлар көйгөйү, андагы ата-эненин жана өкмөттүк органдардын жоопкерчилиги тууралуу “Эже-сиңди” берүүсүндө сөз болду.

Башкы прокуратура "Кумтөргө" байланыштуу козголгон иштер боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" ишканасына байланыштуу 2022-жылдын 20-сентябрында козголгон кылмыш иштеринин тергелиши боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 23-ноябрда билдиргендей, жалпысынан мыйзамсыз тендер өткөрүү, эмерек жана башка инвентарды жогорулатылган баада сатып алуу, Панфилов көчөсү 178 дарегиндеги мүлктү жогору баада баалоо жана Кумтөр кениндеги жумушчулардын тамак-ашынын баасын жогорулатуу фактылары боюнча төрт иш Кылмыш-жаза кодексинин «Ачык соода-сатыктарды... Читать дальше...

Жапаров ЖККУ саммитинде Газа, Ооганстан маселелерин көтөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаал дүйнөлүк коомчулуктун БУУ резолюцияларына ылайык көрүп жаткан тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттерин «эки мамлекет» принциби негизинде бириктирүүнү жактайт. Бул тууралуу бүгүн 23-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Беларустун борбору Минск шаарында өткөн жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди. Жапаров кыргыз бийлиги тараптарды жай тургундардын өлүмгө жана зомбулукка кабылуусуна жол бербөө, атышууну тез арада токтотуу жана сүйлөшүүнү... Читать дальше...

Непалда демонстранттар монархияны калыбына келтирүүнү талап кылышты

Azattyk.org 

Непалда монархияны калыбына келтирүүнү талап кылып он миңдеген кишилер баш калаа Катмандунун чет жакасына чогулду. Алар мурдагы падыша Гьянендранын аты жазылган кагаздарды көтөрүп, монархияны жактаган ураандарды чакырып, калаанын борбордук бөлүгүнө өтүүгө аракет кылышты. Митингдин катышуучуларын таркатуу үчүн полиция таяк жана жаш чыгарчу газ колдонду. Демонстранттар өкмөттү жана саясий партияларды жемкорлукка жана натыйжасыз башкарууга айыпташты. 2006-жылы жумалаган митингдердин жыйынтыгында падыша өз бийлигинен баш тартып... Читать дальше...

Пхеньян буга чейин токтотулган аскердик чараларды жандантат

Azattyk.org 

Түндүк Корея буга чейин Түштүк Корея менен түзүлгөн макулдашуу алкагында токтоткон аскердик чаралардын баарын жандантат. Бул тууралуу "Ренхап" агенттиги 23-ноябрда кабарлады. Тийиштүү чаралар аскердик чыңалууну төмөндөтүү максатында кабыл алынган эле. "Биз аскердик чыңалууну жайгаруу максатында кабыл алынган чаралардан жерде, абада жана деңизде баш тартабыз. Аскердик тилкенин боюна абдан кубатуу куралдуу күчтөрдү жана жаңы үлгдөгү аскердик техниканы жайгаштырабыз”, - деп жазылат Түндүк Кореянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш "Мунапыс берүү" тууралуу мыйзам долбоорун 3-окуудан кабыл алды

Azattyk.org 

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте бүгүн, 23-ноябрда 3-окуудан кабыл алынды. Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат: - жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогорку эркектер; - I - II - топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу... Читать дальше...



"Эмакомдун" жетекчиси ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте курулуш компанияларынын биринин башкы директору өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 23-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ага каршы арыз Башкы прокуратурага быйыл июнь айында түшкөн. Арызданган аял 2022-жылы жасалма инвестициялык келишим аркылуу акчасын көбөйтүп берүү шылтоосу менен анын 400 миң долларын алып, дайынын таптырбай кеткен кишиге чара көрүүнү суранган. Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

"Заара чыкпай канга аралашат". Байкатпай жыккан бөйрөк оорусу

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жылдары баласынын же өзүнүн бөйрөгүн алмаштыруу үчүн элден жардам сурап, акча чогулткандарды көп учуратып жатабыз. Дарыгерлер жылдан жылга оору жашарып баратканын да айтууда. “Сергек жашоо” подкастында Улуттук госпиталдын дарыгери, уролог Жыргал Аскаров жана "Жашоо жана гемодиализ" коомунун жетекчиси Анара Раимкулова менен бөйрөк оорулары, анын кесепети жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылабыз. - Жыргал мырза, бөйрөк ооруларынын негизги себептери эмнеде? Тийиштүү изилдөөлөр барбы? Читать дальше...

"Заара чыкпай канга аралашат". Бөйрөк ооруларынын кесепети

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жылдары баласынын же өзүнүн бөйрөгүн алмаштыруу үчүн элден жардам сурап, акча чогулткандарды көп учуратып жатабыз. Дарыгерлер жылдан жылга оору жашарып баратканын да айтууда. “Сергек жашоо” подкастында Улуттук госпиталдын дарыгери уролог Жыргал Аскаров жана "Жашоо жана гемодиализ" коомунун жетекчиси Анара Раимкулова менен бөйрөк оорулары, анын кесепети жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылабыз. - Жыргал мырза, бөйрөк ооруларынын негизги себептери эмнеде? Соңку расмий статистика кандай? Читать дальше...

"Бүтүн Кыргызстандын" эки мүчөсүнүн апелляциялык арызы Чүй облустук сотунда каралат

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Сокулук райондук соту "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановду үч жылдан эркиндигинен ажыратуу өкүмү 14-сентябрда чыккан. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын штабынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, аларды сот Кылмыш... Читать дальше...

Балдар үйүнө он айда ата-энеси баш тарткан 14 наристе түшкөн

Azattyk.org 

Бишкектеги төрт жашка чейинки балдарды реабилитациялоочу борборго 2023-жылдын он айында ата-энеси баш тарткан 14 наристе жеткирилген. Алардын ичинен алтоо мигранттардын балдары. Бул тууралуу аталган борбордун адиси Гүлжан Ашимова "Азаттыкка" билдирди: "Төрөгөн энеси баш тарткан бул балдар Орусия, Казакстандан репатриацияланып алып келинген". Ашимованын сөзүнө караганда былтыр балдар үйүнө 20 бала түшсө, алтоо репатриация болгон балдар. 2021-жылы 37 бала жеткирилсе, анын ичинен 19у Орусия, Казакстандагы мигранттардын балдары болгон. Читать дальше...

"Эки жыл даярдандык, эми криминал болбойт". Өкмөт парламентте өзгөрүүлөрдү убада кылды

Azattyk.org 

Бийлик криминалга жана саясий коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөшү тууралуу биринчи жолу парламентте кеңири маалымат берди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана анын орун басары Камчыбек Ташиев бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бюджеттин аткарылышы талкууланып жаткан учурда жасаган баяндамасында жана депутаттардын суроолоруна берген жоопторунда айтты. Саясий коррупция жоюлду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү 23-ноябрда Жогорку... Читать дальше...

Таласта жаш кызды зордуктоо кылмышын жашырууга айыпталган милиция башчысын сот айыпка жыкты

Azattyk.org 

Талас райондук соту 20-ноябрда райондук милициянын бөлүм башчысы, жашы жетелек кызды зордуктоо кылмышын жашырууга айыпталган Ю.А. аттуу адамдын ишин карап, ага 60 миң сом айып салды. Маалыматты Талас облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады. Сот чечимине ылайык, Ю. А. өзүнө айып тагылып жаткан: Кылмыш кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") боюнча акталды. Ал эми 367-беренеси ("Кылмышты жашыруу") менен айыптуу деп табылып, 600 эсеп өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Талас облустук... Читать дальше...

Ок атышууну токтотуу жумага жылып, Газа тилкесинде согуш күчөдү

Azattyk.org 

Ок атышуу токтотуу режими жана ХАМАС ( АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасындагы израилдиктерди бошотуу жараяны 24-ноябрга жылдырылгандыктан, бейшембиде Газа тилкесинде согуш уланганын Рейтер агенттиги жазды. Израил армиясы соңку бир суткада абадан 300дөй сокку урганын билдирди. Палестин маалымат каражаттары жөөт күчтөрү өлкө түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарына дагы абадан чабуул койгонун жазды. Израил өкмөтү Газа тилкесиндеги жоочулардын барымтасында турган туткундарды бошотуу... Читать дальше...

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 500 млн доллар бөлөрү айтылды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга насыя бөлүүнү убада кылганын бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, аталган банк Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандын экономикасы өсүп-өнүгүү нугуна түшкөнү тууралуу маалыматына таянып ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду.   Буга чейин Дүйнөлүк банк Камбар-Ат-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга 5 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон... Читать дальше...

Сүлүктү: Көмүр кендерин ээлеп алган аткаминерлер

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Сүлүктүдө көмүр казган айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныкталганын жарыялады. Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгында ондой ишкананын 250 миллион сомдой салыгы кайра (доначисление) эсептелип, анын 80 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөнүн билдирди. Салыктан качкан ишканалардын депутат, мурдагы аткаминерлер менен байланышын жана “кара алтындын” чордону Сүлүктүдөгү көмүр мафиясын иликтеп көрдүк.

Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүнү чектөө сунушталууда

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолунда акысыз жүрүүчү мамлекеттик кызматтардын жана кызматкерлердин санын кыскартууну көздөөдө. Министрлик бул багыттагы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, Төө-Ашуу аркылуу жеке максаты менен бара жаткан мамлекеттик кызматкерлердин баары акы төлөйт. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылгандай, аларга кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп коюп, акы төлөбөй өтүп кетүүсүнө чекит коюлат. Талкууга коюлган долбоорго ылайык, төмөнкү транспорттук... Читать дальше...

Орусиянын Магадан облусунда мигранттарга такси жана автобус айдоого тыюу салынды

Azattyk.org 

Орусиянын Магадан облусунда мигранттарга такси жана автобус айдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка 22-ноябрда аймак губернатору Сергей Носов кол койду. Ушуну менен Орусиянын тогузунчу аймагында мындай чектөөлөр киргизилди. Маалыматка караганда, эмдиги жылдын 1-январынан тарта патент менен иштеген мигранттарга такси жана автобус айдаганга уруксат берилбейт. Ал эми буга чейин иштеп келген чет өлкөлүктөрдү транспорттук ишканалардын жетекчилери үч айдын ичинде жумуштан бошотушу керек. Жергиликтүү басылмалар жазгандай... Читать дальше...

Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүккө салынган айыпка түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүккө соттун 800 миң сом айып салганы боюнча баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева түшүндүрмө берди. Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов Бөлтүрүктүн иши боюнча сот чечими коомчулукта талкууланып жатканын айтып, суроо узатты. Конкубаева Бөлтүрүккө 800 миң сом айып анын жасаган кылмышы үчүн жаза катары салынганын билдирди. “Ага коюлган беренедеги эң жогорку жаза колдонулду. Алдын ала тергөө убагында 880 миллион зыян аныкталып... Читать дальше...

Түркияда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен эне-бала кармалды

Azattyk.org 

Түркияда расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 17-октябрда кармалган Фотима Гиесова менен анын уулу Махмадулло Дониёрзоданы Тажикстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. Бул тууралуу 22-ноябрда “Озоди” радиосу кабарлады. Эне-балага Тажикстанда Сириядагы согушка катышкан деген кине менен издөө жарыяланган. Расмий Дүйшөмбү билдиргендей, алар Сирияга 2016-жылы чыгып кеткен. Фотима Гиесова уулу экөө бул дооматты четке кагууда. Гиесованын Венгриядагы жашаган дагы бир уулу Иброхим билдиргендей, тажик бийлиги... Читать дальше...

Мүлктүн киреше салыгын төлөө шарты өзгөртүлөрү айтылды

Azattyk.org 

Мүлкүн мурда сатып, азыр ошонун киреше салыгын төлөөгө милдеттүү болуп жаткандардын айрымдарына талапты жумшартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн 23-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Жапаровдун айтымында, айрым категорияларды төлөмдүн туумунан жана айыппулунан бошотуу сунушу иштелип чыгат: “Бул эчак эле кабыл алынган мыйзам да. Мыйзам иштей баштады. Үйдү сатып, кайра өзү сатып алса, ага эч ким претензия кылган жери жок. Читать дальше...

Ташиев “бандиттер топтолгон” “Ай-Пери” салону өкмөткө кайтарылып берилгенин айтты

Azattyk.org 

Бишкектеги мурдагы “Ай-Пери” салонунун имараты мамлекетке кайтарылып берилгенин бүгүн Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Ташиевдин айтымында, кылмыштуу топтор “чоң-чоң, мамлекетке пайда алып келүүчү ишканалардын баарында үлүшкө кирип, ээлеп отурушкан”: “Мамлекет сата баштады. “Күрмөнтү-цементти” сатып жатабыз, ал ОПГ колунда болчу, 5-6 миллион долларга инвестор келип жатат. Читать дальше...

Акылбек Жапаров темир жол долбоору үчүн каржы булагы каралып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу келерки жылы башталары күтүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып, учурда долбоордун каржы маселеси чечилип жатканына токтолду. “Биз азыр акчаны издеп жатабыз. Камбар-Ата – 1 ГЭСин курууга 500 миллион долларды таптык. Кытай темир жолду Казарманга чейин өзү курам деп, учурда салып келет. Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн азыр Өзбекстан менен бирге акчанын булактары аныкталып жатат”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *