Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 05.11.2023

Пакистан: 24 саатта дагы 15 миңдей оогандык депортацияланды

Azattyk.org 

24 саатта 15 миңге чукул ооган качкыны депортацияланганын 5-ноябрда Пакистандын расмий адамдары билдиришти. Расмий статистикага ылайык, Пакистанда 4,4 миллиондой оогандык жашайт. Алардын 1,7 миллиону тиешелүү уруксат кагаздары жок жүрөт. Исламабад мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу өнөктүгүнүн алкагында аларга чыгып кетүүгө 1-ноябрга чейин убакыт берген. Пакистандын Ички иштер министрлиги азырынча 200 миңден ашуун оогандык чыгарылганын ишембиде билдирген. Бул тууралуу Германиянын DPA агенттиги жазды. Читать дальше...

Канаты эрте кайрылган Айтмамат акын

Azattyk.org 

Айтмамат Үмөталиевдин чыгармачылыгы ийгиликтүү башталган. Удаа китептери чыгып, Москвадагы адабият институтунун эки жылдык курсуна кабыл алынган. Өкүнткөн жагдай, окуусун аяктарга аз калганда кылмыштуу ишке кабылып камалып кеткен. Абактан бошонуп келгенден кийинки тагдыры өкүнүчтүү болуп, жашоодон эрте көчкөн. Абак Кырчындай кезинде түрмө азабына туш келген чыгармачыл инсандын туура жол таап, тагдырдын катаал сыноосуна чөгүп калбай баштагы калыбына келиши өтө эле оор, атүгүл мүмкүн эместигин... Читать дальше...

Газадагы согушту токтотууну талап кылган акциялар уланууда

Azattyk.org 

Дүйнөнүн булуң-бурчунда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган массалык акциялар уланууда. АКШ, Канада, Европа, Жакынкы Чыгышта, Азия менен Африкада палестиналыктарга тилектештик билдирген демонстрацияларга он миндеген киши катышты. Катышуучулар “Палестинага эркиндик” деген ураан чакырып турушту. Вашингтондо ишемби, 4-ноябрда жаңжал башталгандан берки эң ири акция өткөнү кабарланды. Би-Би-Си маалымдагандай, чогулгандар “Газанын камоолун токтоткула!”, "Палестиналыктардын... Читать дальше...

"Көчөдө суу сураган эл көп". Газадагы гуманитардык кырдаал

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газада ХАМАС тобуна каршы жердеги операциясын улантууда. Согушкерлер аларга туруштук берип, Израилдеги буталарга сокку урганын айтышууда. Маалымат агенттиктери жекшембинин таңында израилдик аскерлер Газадагы качкындар лагерине сокку урушканын маалымдашты.  БУУ 1,5 миллиондой адам гуманитардык абал абдан начарлаган Газа тилкесинен жер которууга аргасыз болгонун билдирди. Ок атышууну токтотууга багытталган дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Газадагы түнкү соккулар Бир катар кабар агенттиктери... Читать дальше...

"Окуучулардын колуна ийне сайган". Мектептеги окуя талкууга түштү

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чыңгыз Айматов орто мектебинде мугалим окуучунун колуна 17 жолу ийне сайган окуя катталды. Бул маалыматты Билим берүү министрлиги ырастап, ал мугалим жумуштан четтетилгенин маалымдады. Бирок мектеп директору дооматтарды четке кагууда. Окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, мугалимдердин жоопкерчилик маселесин козгоду. "Окуя териштирилип жатат" Мугалим окуучунун колуна ийне сайган окуя Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Чыңгыз Айматов атындагы... Читать дальше...

ӨКМ тойканаларга өрт коопсуздугун сактоо тууралуу эскертип жатат

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдөгү тойканалардын кожоюндарына өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анда көп учурда фейерверктер, электр зымдары, тез күйө турган материалдардан жасалган буюм-тайымдар өрт кырсыгына себепчи болору жазылган. "Ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдын ашыкча толуп кетишине жол бербеши керек. Газ баллондор менен иштеген жылыткычтарды, күйүүчү май иштеген тамак даярдаган жабдууларды колдонууга таптакыр тыюу салынат. Читать дальше...

Кадыровдун өспүрүм уулу коопсуздук кызматында бөлүм башчы болду

Azattyk.org 

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматында бөлүм башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Телеграм каналына жазды. Өткөн айдын башында өспүрүм "Чеченстанжын баатыры" деген наам алган. Андан көп өтпөй Татарстанда ага "Дуслык" ордени ыйгарылган. Карачай-Черкес аймагында дагы ага жогорку орден берилген. Чеченстандын жетекчилиги Кавказдагы бир катар жумурияттарга кайрылып, Адам Делимхановду "колдоп" коюуну өтүнгөнү белгилүү болгон. Читать дальше...

НКВД абагындагы кыйноо. Сөөгү жашыруун көмүлгөн Орозбеков

Azattyk.org 

Мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековдун урпактары репрессия учурунда атылган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылууну көздөп турат. Сталиндик кандуу репрессиянын курмандыгы болуп, кайда көмүлгөнү белгисиз калган миңдеген кишилердин арасында Орозбековдун да ысымы бар. Анын кантип жазага тартылганы, сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу имиштерден башка далилдүү фактылар жокко эсе. “Куугунтук курмандыктары” подкастында тарых илимдеринин доктору, профессор Байболот... Читать дальше...



Пакистан ооган качкындарын күчтөп чыгарууда

Azattyk.org 

Пакистандын коопсуздук күчтөрү 1-ноябрдан тарта мыйзамсыз жүргөн ондогон оогандыкты кармап, мекенине депортациялай баштады. Исламабаддын маалыматына караганда, рейд - каттоодон өтпөгөн мигранттарга каршы өнөктүктүн бир бөлүгү. Бирок бул негизинен 2 миллиондой ооган мигрантына каршы багытталган.

"Вефа" чыры: Кыргызстандык ишкер эл аралык сотко даттанат

Azattyk.org 

Жогорку Сот “Вефа” соода борборун Түркиянын Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу “Өзгүн иншаат” акционердик коомунун балансында калтырды. Борборду 2016-жылы мыйзамдуу сатып алганын билдирген “Аруу Жылдыз” коомунун адвокаттары эми эл аралык сотко кайрылып, укугун коргой турганын билдиришти.  “Вефаны” алган тарап имарат оңдолуп-түзөлөрүн айтып жатат.  “Аруу Жылдыз” компаниясы Жогорку Соттун чечимине каршы эл аралык сотко кайрыларын адвокат Нурлыбек Султан Нусипжанов билдирди. Ал сот ишти кароо учурунда Гаага конвенциясынын шарттарын бузуп... Читать дальше...

"Күн кармаган бала" спектакли ТҮРКСОЙдун баш байгесин алды

Azattyk.org 

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Баку шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун  фестивалында баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Аталган театр бул фестивалда “Күн кармаган бала” спектаклин көрсөткөн. Аны кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгон. Спектакль 2023-жылы Бишкекте "Арт-Ордо" IX эл аралык фестивалында 17 спектаклдин арасынан баш байге алган. Читать дальше...

БУУ Газадан 1,5 миллиондой адам аргасыз жер которгонун билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы Газа тилкесиндеги соңку жагдай тууралуу маалыматтарды жарыялады. Ага ылайык, аймактан 1,5 миллиондой адам жер которгонго аргасыз болду жана алардын теңинен көбү качкындар лагерлеринде, жайларда башкалкалап жатат. Аталган уюм аргасыз жер которуу какындардын саламаттыгына чоң зыян тийгизип, кесепети оор болорун эскертти. Ал арада АКШнын президенти Жо Байден Израил менен ХАМАСтын согушун убактылуу токтоту туруу,... Читать дальше...

Тимурлан Ажымалиев маданият министринин орун басары болду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматына Тимурлан Ажымалиевди дайындады. Дагы бир жарлыгы менен Ажымалиевди президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматынан бошотту. Буга чейинки маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев “башка ишке өткөнүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан алынган. Темурлан Ажымалиев тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Читать дальше...

Акылбек Жапаров каналдарга чакан ГЭС курууга шарт түзүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-ноябрда Чүй каналына чакан ГЭС куруу пилоттук долбоорунун ачылышына катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү. "Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылууга байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди. Читать дальше...

Непалда жер титирөөдө мерт болгон адамдардын саны 150дөн ашты

Azattyk.org 

Непалда ишембиге караган түндөгү катуу жер титирөөдө набыт болгондордун саны 150дөн ашты. Дагы жүздөн көп адам жараат алды. Бийликтегилер курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн билдирип жатат. Буга чейин баарынан шарты катаал Жажаркот жана Рукум райондору көп жабыркаганы белгилүү болгон. Куткаруу иштерине армия менен коопсуздук кызматы тартылган. Жердин катуу силкинүүсү Напалдын борборунан сырткары коңшу Индияда, Дели шаарында дагы сезилген. Ишембиге караган түндө жер биринчи силкингенден... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *