Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 19.11.2023

Катар: Газада барымтагыларды бошотууда "логистикалык маселелер" гана калды

Azattyk.org 

Катардын премьер-министри жана башкы дипломаты Мохаммед бен Абдулрахман Аль Тани ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) согушкерлери 7-октябрда барымтага алган ондогон кишини бошотуу жараянында негизинен "логистикалык маселелер" гана калганын билдирди. "Макулдашуунун алдында практикалык жана логистикалык мүнөздөгү маселелер турат», - деди Катардын премьери Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Жозеп Боррел менен Дохада туруп уюштурган басма сөз жыйынында. “Сүйлөшүү бирде алдыга... Читать дальше...

Аш-Шифа: Араңжан ымыркайлар менен абалы оор бейтаптардын тагдыры

Azattyk.org 

19-ноябрда Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады. Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун дарыгерлер (ДССУ) тобу Газадагы медициналык комплексте 291 бейтап калганын билдирди. Эл аралык уюмдун жетекчиси Тедрос Адхан Гебрейсус "араң жан ымыркайлар" менен кошо алты медициналык кызматкер жана алардын 10 үй бүлө мүчөсү чыгарылганын ырастады. Ал эвакуацияны палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун "Тез жардам" машинелери ишке ашырганын айтты. Читать дальше...

БУУ: Аш-Шифадагы ара төрөлгөн 30 ымыркай Газанын түштүгүнө эвакуацияланды

Azattyk.org 

Жекшембиде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте палестиндердин Кызыл Чырым уюмунун “Тез жардам” бригадасы Аш-Шифа ооруканасындагы ара төрөлгөн кеминде 30 ымыркайды Газанын түштүк тарабындагы ооруканага эвакуациялады. Мурдараак Аш-Шифадагы араңжан балдарды эвакуациялоого Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) атайын кербени баратканы кабарланган. Эл аралык уюм ымыркайлар Газанын түштүгүнөн Рафахтагы Бириккен Араб Эмираттары жабдыган госпиталга которулганын билдирди. АВС News жекшембиде ымыркайлар аман-эсен эвакуацияланганын... Читать дальше...

Тажикстан Кытайдын телекоммуникация түйүнүнө кошулуу планын жарыялады

Azattyk.org 

Дүйшөмбү Кытайдын телекоммуникация түйүндөрүнө кошулуу чечимин тоолуу өлкөдө интернет менен камсыздоону жакшыртуу максатында кабыл алганы кабарланды. Акыркы жылдары жалпы эле Борбор Азияда Бээжиндин таасири күчөп баратат. Коңшу өлкөдө дүйнөлүк маалымат желеси эң солгун тараган. Трафик мамлекеттик монополист аркылуу борбордон өтө. Мамлекеттик "Ховар" агенттиги кабарлагандай, долбоор баш калаа Дүйшөмбүнү Кытай менен чек арада турган шаарды байланыштырган автомагистрал долбоору менен катар ишке ашат. Читать дальше...

Жазгыч акын Молдо Кайыптын китеби 100 жылдан кийин жарык көрдү

Azattyk.org 

XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун чыгармалары “Казал-мурас” деген аталышта китеп болуп басылып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын чыгармаларын жыйнап, басмага даярдаган Кыргыз Эл акыны Маркабай Ааматов билдирди. Ааматовдун айтымында, аталган эмгекте Молдо Кайыптын санат-насыят ырлары, казалдары, дастандары, поэмалары жана башка акындар менен айтыштары чогултулду. Материалдар Кол жазмалар фондунан... Читать дальше...

Кайран Топчуке: Ала-Тоодогу демократиянын чыгаан жарчысы жана күрөшчүсү эле...

Azattyk.org 

Кыргызстандын демократиялык нукка багыт алуусу үчүн көөнөргүс салым кошкон саясатчылардын бири Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин 15-ноябрда дүйнө салды. 17-ноябрда ал Аксыдагы кичи мекенинде акыркы сапарга узатылды. Кичүү үзөңгүлөшү болгон тарыхчынын блогу.   Кыргыздын кыраан уулдарынын бири Топчукебиз 2023-жылы ноябрдын (жетинин айынын) 15инде 82 жашында дүйнө салыптыр... Бул суук кабарды Кыргызстандагы гана эмес, чет өлкөлөрдөгү медиа каражаттары желдей таркатты. Алыскы Чехиянын чакан шаарында... Читать дальше...

Финляндия Орусия менен чек арадагы бекеттерин жаап, мигранттар ара жолдо калды

Azattyk.org 

Орусиядан Финляндияга өтүүгө аракеттенген үчүнчү өлкөлөрдүн 30дай жараны Орусиянын чек ара аймагында ара жолдо калды. Бул тууралуу орус медиа каражаттары кабарлады. Финляндия ишембиге караган түнү өлкөнүн түштүк-чыгышындагы төрт өткөрмө бекетти жаап салган. Фин бийлиги муну Батыштан башпаанек издеген Сирия, Ирак, Пакистан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарынын агымы көбөйгөнү менен түшүндүргөн. Хельсинки мигранттардын мындай агымына Орусия көмөктөшүп жатат деп айыптаса, Москва аны четке кагат. ... Читать дальше...

БУУ Аш-Шифада 291 бейтап калганын билдирди

Azattyk.org 

19-ноябрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дарыгерлер тобу Газадагы эң чоң Аш-Шифа ооруканасында 291 бейтап калганын билдирди. Алардын арасында абалы өтө оор 32 наристе, омурткасы мертинген, ордунан жыла албаган бейтаптар калган. Эл аралык уюмдун атайын командасы ооруканада баш калкалаган 2500 качкын, өзү басып тура алган бейтаптар жана медициналык кызматкерлер чыгып кеткен соң комплексти көрүп чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Палестин анклавындагы эң чоң, заманбап жабдылган медициналык комплекс соңку алты жумадагы таза суу... Читать дальше...



Ошто муниципалдык асфальт заводун куруу пландалууда

Azattyk.org 

2024-жылы Ош шаарында муниципалдык асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул шаардагы жолдорду аз убакытта салуу жана оңдоого шарт түзөт. 18-ноябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун жерин көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди. “Быйыл жолдорду жасаганда канчалык көз каранды экенибизди көрдүк го. Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-21-ноябрь күндөрү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн, жолдорго муз тоңот. 20-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9... Читать дальше...

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык жай аныкталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, борбордо мыйзамсыз косметологиялык кызмат көрсөткөн сулуулук салондору, кеңселер 16-17-ноябрь күндөрү текшерилген. Жыйынтыгында лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салонго 84 миң сом айып пул салынды. Алар тиешелүү уруксат кагаздары жок эле мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык кызматтарды көрсөтүп жүрүшкөн. Читать дальше...

Патенттин 12 түрү жоюлуп, базарларда салыктын жаңы эрежеси кирет

Azattyk.org 

2024-жылдын 1-январынан тарта соода жаатындагы ишкердиктин 12 түрү боюнча патент жоюлганы турат. Салык кызматы аларды башка салык режимдерине өтүүгө чакырууда. Чакан соодада жүргөн ишкерлер электрондук жабдыктарга өтүү ыңгайсыз экенин айтып нааразы болууда. Айрым эксперттер өкмөт экономиканы алдыга сүрөөнүн башка жолдорун издебей, жеңилине качырып, салык чогултууга басым жасап жатат деп сындап чыкты.  Соодагерлердин нааразылыгы Бишкек шаарында дүкөн иштеткен Света жаңы жылдан алардын патентин жоюп... Читать дальше...

Акыйкатчы институту: Шерипбаева коюлган айыпка макул эмес экенин айтты

Azattyk.org 

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсүнө жеке адвокатка муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Буга чейинки тергөө иш-чараларында ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүүдө коюлган айыпка макул эмес экенин айткан. “Аны менен бирге камерада мурда соттолбогон дагы үч аял бар. Ден... Читать дальше...

Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кайтарууну дагы күчөттү. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов ырастады. “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, - деди Аскат Алагөзов. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чечим соңку убакта атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топторго каршы өткөргөн атайын операция... Читать дальше...

Назарбаевдин "экинчи аялы" деген Гүлнара Ракишева ким?

Azattyk.org 

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин расмий өмүр баянында жубайы Сара Назарбаева экөө үч кызды тарбиялап өстүрүшкөнү айтылат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Назарбаев дагы эки аял менен мамиледе болгон же азыр да ымаласы бар. Гүлнара Ракишеваны Назарбаевдин “экинчи аялы”, ал эми Асел Курманбаеваны “үчүнчү аялы” деп жүрүшөт. Тараптар мындай маалыматты тастыкташкан да, төгүндөгөн да жок. Асел Курманбаева тууралуу көптөгөн маалыматтар, алтургай бир нече иликтөөлөр да болгон, бирок Гүлнара Ракишева тууралуу маалымат аз. Читать дальше...

Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы биринчи беттешин жеңди

Azattyk.org 

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы дебюттук беттешинде сербиялык Урош Медичти утту. Беттеш 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында болду. Мыктыбек Оролбай уулу 77 кг салмакта күч сынашып, кармаштын экинчи раундунда каршылашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды. UFC Fight Night 232 турниринде башта Урош Медич америкалык мушкер Жонни Парсонс менен мушташмак. Бирок ал белгисиз себептерден улам беттешке чыкпай калып, анын ордуна Мыктыбек Оролбай уулу чыкты. Кыргызстандык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *