Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 29.11.2023

Жаңы салык cаясаты: Кара-Сууда соодагерлер акцияга чыкты

Azattyk.org 

Кара-Суу базарындагы 300дөн ашык соодагер 29-ноябрда кыргыз өкмөтүнүн салык саясатына нааразы болуп митингге чыкты. Алар көзөмөл-кассалык аппаратын иштетүүгө, электрондук эсеп-фактура толтурууга каршылыгын билдирип жатышат. Ишкерлер райондун акими менен жолугуп, бийликке үнүн жеткирүүнү талап кылышты. Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер жыл жаңырганда ишке кире турган салыктын жаңы системасына каршы чыгышты. Алар кассалык-көзөмөл аппаратын иштетүүгө, электрондук эсеп-фактураны толтурууга макул эместигин айтып... Читать дальше...

Астана “Кремлдин пропагандасын” жайылтууга миллиондорду жумшайт

Azattyk.org 

Астана мамлекеттик бюджеттен төрт млрд теңгени (тогуз млн доллар) соңку жылдары орусиялык каналдын берүүлөрүн сатып алууга жумшаган. Орусиялык "Биринчи каналдын" берүүлөрүн “Казакстан” телеканалы эң көп сатып алган. Серепчилер казак өкмөтүнүн “Кремлдин пропагандасын” жайылтууга миллиондогон теңге жумшап жатканы түшүнүксүз жагдай жаратарын белгилешет.

«Росатом» Өзбекстан менен АЭС келишимине кол коюуга чукулдап калганын маалымдады

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Орусия АЭС салуу боюнча негизги келишимди даярдап жатканын “Росатомдун” жетекчиси Алексей Лихачев ТАСС агенттигине 28-ноябрда билдирди. «АЭС куруу келишимин даярдоо соңку баскычта», - деп айтты «Росатомдун» башчысы. Лихачёвдун сөзүнө караганда, «Росатом» Ташкентке чакан АЭСтин энергоблокторун жана адистерди даярдоо тууралуу кошумча сунуштарды киргизген. 2018-жылы Орусия менен Өзбекстандын өкмөттөрү макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, “Росатом” ишканасы “3+” муунундагы эки энергоблоктон турган комплекс курат. Читать дальше...

Мелис Аспековдун бөгөт чарасынын мөөнөтү эки айга узартылды

Azattyk.org 

Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспековдун бөгөт чарасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн 29-ноябрда “Азаттыкка” Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Аспековдун бөгөт чарасы 21-ноябрда каралды, анда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылып, активисттин камак мөөнөтү 27-январга чейин узартылды. Аспеков азыр Бишкектеги тергөө абагында кармалууда. Ал эки айга камакка алынганы 30-сентябрда белгилүү болгон. Читать дальше...

"Күчтү өлкөнү өнүктүрүүгө жумшаса болмок". Туунун талаштуу тагдыры

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы сессиясында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Айрым депутаттар маселе бир күн мурун эле күн тартибинде болбогонун айтышса, кээ бири анын сессияда караларын укпаганын белгилеп жатышат. Долбоордун авторлору тууну өзгөртүүгө анын күн карамага окшоп калганы тууралуу пикирлерди гана жүйө келтирүүдө. Учурда өлкөдө тууну өзгөртүүдөн да маанилүү маселелер бар экенин эске салып, парламенттин мындай чечимин айыптагандар болууда. Читать дальше...

УКМК Ысык-Көлдө Көлбаевге өтүп кеткен жер тилкеси үчүн төрт киши кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн жээгинде Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагында болгон “Ала-Тоо” эс алуу жайынын жер тилкеси Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) адамдарына өтүп кеткени аныкталганын, бул үчүн төрт киши кармалганын бүгүн 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы Кесиптик кошуундар федерациясынын айрым мүчөлөрү Чолпон-Атада “Ала-Тоо” эс алуу жайынын 2,34 гектар жерин федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарып, кийин бул... Читать дальше...

Матраимовду манчыркаткан саясат

Azattyk.org 

Кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов соңку 10 жылда президенттен тарта парламентке, аткаруу бийлигине, жада калса президентке да таасир этип, саясий элитадан коргоо тапкан. Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, 2 млрд сом төлөп кутулган Матраимов кантип саясий салмак топтоп, өз таасирин арттырган? “Азаттыктын” кезектеги иликтөөсүн сунуш кылабыз. Бийлик менен Матраимовдун мамилесин муздаткан иш-чара Муфтияттын Бишкектеги жаңы имаратынын ачылыш аземинде тартылган сүрөт... Читать дальше...

Икрамов шайлоого келбегендерди айыпка жыгуу долбоорун чакыртып алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул тууралуу ал парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында айтып, документ толукталып кайра коомдук талкууга коюларын билдирди. “Депутаттардын, коомчулуктун пикирин эске алып, иштеп чыгып кайра сайтка илебиз. Келечекте элдин шайлоого катышуусун көбөйтүү үчүн иштеп чыкканы калдым”, - деди Икрамов. Мыйзам долбоору 13-июлда коомдук талкууга коюлган. Документте... Читать дальше...



Орусияда чет элдиктерди "лоялдуулук келишимине" кол койдуруу сунушталды

Azattyk.org 

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн аймагына кирип жаткан чет элдиктерди “лоялдуулук жөнүндө макулдашууга” кол коюуга милдеттендирүүнү сунуш кылды. Мыйзам долбоору толукталып, Мамлекеттик думага киргизилерин ТАСС агенттиги кабарлады. Документтке ылайык, Орусияга кирген чет элдик жаранга орус саясатына “шек келтирүүгө", фашизмди жеңүүдөгү совет элинин эмгегин “бурмалоого” жана “каада-салт баалуулуктарын” четке кагууга тыюу салынат. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга бүдөмүк пикир жараткан... Читать дальше...

Вебкам иши: Даниел Ажиев 29-январга чейин камакта калды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 29-январына чейин узартты. Мындай чечим 27-ноябрда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда... Читать дальше...

"Сойкуканадан кармалды" деген кыздардын жеке маалыматы ачыкталганы укук бузуу деп бааланды

Azattyk.org 

Акыйкатчы Жамила Жаманбаева тийиштүү мамлекеттик органдарды “сойкуканадан кармалды” деген кыздардын жана аялдардын укугу корголушун камсыздоого чакырды. Бул тууралуу 29-ноябрда “Азаттыкка” омбудсмендин басма сөз кызматынан билдиришти. “Акыйкатчы аталган аялдардын жүзүн ачык көрсөтпөөгө жана алардын жеке маалыматтарын жарыялабоого чакырат, анткени бул алардын мыйзамда белгиленген укуктарын бузат. КР мыйзамдарына ылайык, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамда белгиленген жагдайдан башка учурда алардын... Читать дальше...

Газа: Арачылар ок атпоо режимин улантууну сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

Эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүүдө. Шаршембиде ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал уюму барымтадан туткундардын кезектеги тобун бошотсо, Израил түрмөлөрүнөн палестиндерди чыгара турганы кабарланды. 29-ноябрда Газада согушту убактылуу токтотуунун эки күндүк мөөнөтү аяктайт. Израил өкмөтүнүн өкүлү Эйлон Леви Газадагы ок атпоо режими "үчкө бир" кишини айырбаштоо менен беш күнгө узартылышы ыктымал экенин шейшембиде билдирген. AFP агенттиги өз булактарына таянып... Читать дальше...

Активист Зарина Төрөкулованын соту 7-декабрга жылды

Azattyk.org 

29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жарандык активист Зарина Төрөкулованын иши боюнча соттук отурум 7-декабрга жылды. Буга эксперттер жана күбөлөрдүн сотко келбегени негиз болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал “жапырт башаламандыкка” шек саналып камалганын 11-сентябрда билдирген. Активистке социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси боюнча айып коюлган. Зарина Төрөкулованын... Читать дальше...

Баткен шаарында бала бакчага кезекте тургандар миңден ашты

Azattyk.org 

Баткен шаарында бала бакчага баруу үчүн кезекте миңден ашуун бала турат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Маалыматка караганда, азыр мамлекеттик алты бала бакча иштеп жатат. Алар жалпы 626 орунга ылайыкташканы менен 1400дөн ашык бала тарбияланууда. Ал эми алты менчик бала бакчага 400дөй жеткинчек барат.  Бала бакча тартыш болгондуктан, жергиликтүү бийлик 2024-жылы АРИС уюму менен биргеликте 140 орундуу бала бакча курууну караштырып жатат.   35 миңдей киши жашаган Баткенде кээ бир бала... Читать дальше...

“Кара-Суу” базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотула турганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат. Салык мыйзамдары боюнча, Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алары айтылды. Ушул тапта стратегиялык объектилерге... Читать дальше...

Акылбек Жапаров британиялык инвесторлорду кызматташууга чакырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров британиялык инвесторлорду жана ишкерлерди Кыргызстан менен кызматташууга чакырды. 29-ноябрда Бишкек тараткан расмий маалыматка ылайык, Жапаров Британиянын баш калаасында Лондон шаарынын лорд-мэри, City of London корпорациясынын башчысы Майкл Майнелли менен жолукту. Ал кыргыз өкмөтү бизнес чөйрөсүн жакшыртууга, каттоо жана лицензиялоо жараянын жөнөкөйлөтүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, Майнелли аркылуу британиялык инвесторлор менен ишкерлерди эки... Читать дальше...

Министрдин орун басары менчик тиш доктур, косметологдор гепатитти жайылтып жатканын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстанда тиш дарылоочу жеке жайлар жана косметологиялык салондор гепатит илдетинин жайылышына негизги себепкер болуп жатканын 29-ноябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, гепатиттин В, С жана Д түрлөрү косметологиялык салондордо, стоматологиялык жеке клиникаларда жугуп жатканы “чоң көйгөй” болууда, ал эми мамлекеттик медицина жайларында мындай коркунуч жок, анткени аларда медициналык... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-ноябрда Чүй, Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 5…10, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...

Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөндүн мэринин бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

Azattyk.org 

Камчы Көлбаевге байланыштуу кармалган Өзгөн шаарынын мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды. 29-ноябрда Ош облустук соту шаардык соттун Моңолдоровду камакта кармоо тууралуу чечимин күчүндө калтырганын “Азаттыкка” анын адвокаты Жылдыз Кадырова билдирди. 14-ноябрда Ош шаардык соту Моңолдоровдун ишин карап жаткан тергөөчүнүн өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, аны 9-декабрга чейин камакта калтырган. Адвокат Жылдыз Кадырова мындай чечим мыйзамсыз деген пикирин билдирип, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Читать дальше...

Жаза аткаруу кызматы камактагылардын паспортторун жаңылады

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматы №8 түзөтүү мекемесинде отурган 45 кишиге паспорт берилгенин билдирди. Расмий маалыматта жакында аталган жайдагы дагы 50 адамга паспорт берүү жана тариздөө иштери болору айтылат. Паспорттор ар кандай себеп менен документин жоготуп алгандарга же колдонуу мөөнөтү өтүп кеткендерге берилет. Камактагыларды паспорт менен камсыздоо - соттолгондорду кайра социалдаштыруу максатын көздөгөн иштердин бир бөлүгү. 2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамга паспорт алууга жардам берди.

Садыр Жапаров Дубайда климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйында сүйлөйт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарына үч күндүк иш сапар менен барат. Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшүн талкуулаган жыйынына катышат. Иш-чара Дубайда болот. Конференцияга дүйнө жүзүнөн лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун оош-кыйышын талкуулашат. Садыр Жапаров 1-декабрда сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында... Читать дальше...

Мамлекеттик ипотекага кезекте турган 13 миң адам эки жылда үйлүү болору айтылды

Azattyk.org 

Мамлекеттик ипотекалык насыяга азыр кезекте турган 13 миң адам келерки эки жылда үй менен толук камсыз болот. Бул тууралуу 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй ала алды: «Мен бийликке келгенде Ипотекалык компаниянын саясатын жүз пайыз өзгөрттүк, ал банк сыяктуу эле компания болуп калган экен, банктан насыя алып, 14% менен ипотека аласың, 30% алдын ала төлөйсүң деген. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: камактагылардын абактагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” кылмыш ишине байланыштуу шек саналып жаткан саясатчы Жеңиш Молдокматов менен активист Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Кантемир Турдалиев билдирди. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Читать дальше...

Индияда туннелдин астында калган 41 жумушчу 17 күндө куткарылды

Azattyk.org 

Индиянын Уттаракханд штатында жол туннелинин урандыларынын астында калган 41 жумушчунун баары 28-ноябрда сыртка аман-эсен чыгышты. Куткаруу иштери 17 күнгө созулганын маалымат каражаттары жазышты.  Премьер-министр Нарендра Моди куткарылгандарга кайрылып, алардын кайраттуулугу жана чыдамкайлыгы өлкө элин шыктандырганын айтты. Транспорт министри Нитин Гадкари "кубанып, жеңилдеп калганын" билдирди. 12-ноябрда Уттаракханддагы 825 чакырымдык шосседе туннель кулап, анын ичинде оңдоп-түзөө иштерин жасап жүргөн 41 жумушчуну басып калган эле. Читать дальше...

Самыкойжо тууну өзгөртүү долбоору биринчи окууда мыйзам бузуу менен өткөнүн айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыкойжо мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда мыйзам бузуу менен кабыл алынганын айтты. Ал бул маселе Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынына шашылыш киргизилгенин, бул долбоорго анын ордуна башка бирөө “макул” деп добуш берип койгонун билдирди. “Менин ордума “макул” деп басып койдуңар. Ким басса да жооп бериши керек. Мен туунун өзгөртүлүшүнө караманча каршымын. Кечээ да комитетке туунун авторлорун алып келген жоксуңар. Муну да алешемдик... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *