“Киран” катуу шамалы Европада ондон ашуун кишинин өмүрүн алды
Европанын борбордук жана түштүк бөлүгүн каптаган “Киран” катуу шамалы кеминде он кишинин өмүрүн алды. Испания, Италия, Франция өлкөлөрүндө шамалдын ылдамдыгы саатына 207 чакырымга жетип жатты. Жаан менен коштолгон катуу шамал ошондой эле Англиянын түштүгүн, Белгия, Нидерланддар, Германия жана Португалияны да каптады. Белгияда бактар кулап, эки киши набыт болду. Алардын бири бала экени кабарланды. Испанияда катуу шамалдан улам токойлордо өрт тутанды. Бийлик тилсиз жоо каптаган аймактагы кыштактардан 800дөй кишини коопсуз жакка көчүрдү. Читать дальше...