ГАЗА: ХАМАСтын барымтасындагы 12 киши бошотулду
ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) уюмунун барымтасынан дагы 12 киши бошотулду. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси билдирди. Маалыматка караганда, бошотулгандардын баары аялдар. Арасында Таиланддын эки жараны бар. Израил ушул эле күнү түрмөдөгү отуздай палестинди бошотору кабарланган. Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАС радикал уюмунун барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Читать дальше...