Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 14.11.2023

Газанын түштүгүндө гуманитардык абал оор

Azattyk.org 

БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын 14-ноябрда билдирди. Маалымат боюнча тилкенин түндүгүндө бир гана оорукананын бейтаптарды кабыл алууга шарттары бар. Израил жергиликтүү тургундарды Газа шаарынан жана айланасындагы райондордон чыгып кетүүгө чакырган. Тилкенин түштүк тарабында орун алган баш калкалоочу жайлар толуп калган. БУУнун кызматкерлери 160 кишиге бир ажаткана туура келерин айтышат. Согуш башталгандан... Читать дальше...

Казакстан: Экс-министрдин аялынын өлүмү боюнча эки киши кармалды

Azattyk.org 

Газадагы Аш-Шифа ооруканасын израилдик танктар курчаганы кабарланды. Израил согушкерлер ооруканаларды колдонуп, карапайым калкты калкан кылып жатат деп айыптады. Казакстанда экс-министри Куандык Бишимбаевдин аялынын өлүмүнө байланыштуу дагы бир киши камалды.Ош шаардык кеңеши мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Зомбулук көргөн Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн пробациялык негизде бошоткон судья Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды.

Спикер Шакиев палестин дипломаты Авад менен жолукту

Azattyk.org 

Израил ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушкерлери ооруканаларды колдонуп, карапайым калкты калкан кылып жатат деп айыптады. Радикал топ аны четке каккан. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестин автономиясынын дипломатиялык өкүлү Жавад Авад менен жолугушту.

Иран: Эвин түрмөсүндөгү өрткө байланыштуу 40 кишиге айып тагылды

Azattyk.org 

Тегерандын прокуратурасы былтыр октябрда Эвин түрмөсүндө болгон өрткө байланыштуу 40 кишиге айып такты. “Фарда” радиосу жазганына караганда, бул тууралуу 14-ноябрда билдирген судья Али Салехи кеңири маалымат берген жок. Кырсык учурунда сегиз айыпкер каза болгон. Расмий версияда өрт абакта отургандар мушташканда тутанганы айтылып келет. Бирок активисттер Иран бийлигинин бул маалыматына ишенбейт. Активисттер саясий туткундар, өкмөткө каршы акцияларда кармалгандар жана чет өлкөлүк жарандар да... Читать дальше...

Бишкекте убактылуу башкалка жайлары иштей баштады

Azattyk.org 

Борбор калаада үй-жайсыз адамдар, турмуштук оор кырдаалда балдары менен калган аялдар үчүн убактылуу башпаанек жайлар ачылууда. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Биринчи Май районунда "Коломто" деп аталган муниципалдык жай  70 кишиге ылайыкташкан. Бул жерге үй-жайсыз, барар жери жок адамдар бир маал ысык тамак ичип, түнөп кете алат. Ошондой эле аларга жаңы кийим-кече, тамак-аш жана башка гуманитардык жардам берилет. Улгайгандарды карылар үйүнө жайгаштырууга көмөк көрсөтүлөт, медициналык текшерүүдөн өтсө болот. Читать дальше...

Камбар-Ата-1 ГЭСи: Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 5 млн доллар берет

Azattyk.org 

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясынын (ГЭС) долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 5 миллион доллар бөлөт. 14-ноябрда тиешелүү макулдашууга Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Дүйнөлүк банк буга чейин каражат жеңилдетилген насыя жана грант катары берилерин кабарлаган. Анын ичинен 3 миллион... Читать дальше...

Паранжага, узун сакалга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжа менен узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган "Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Демилгечилердин айтымында, долбоор коомдук жайларда жарандардын кийимин жана сырткы көрүнүшүн жөнгө салууга багытталган. Алар мыйзам долбоору жарандардын дин тутуу эркиндигин чектебей турганын, конституциялык ченемдерди жана эл аралык стандарттарды сактоо менен иштелип чыкканын айтып жатышат. Читать дальше...



Чек ара: Жол боюнда бата алган жаш жубайлар

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасынын эки жылдан бери жабык турганы аймактагы карым-катнаш, соода алакаларына таасирин тийгизди. Ошондой болсо да эзелтен бери карым-катышы бар эл тууганчылык мамилени улантуунун ар кандай жолдорун издешүүдө. Чек ара жабык болгондуктан баткендик эки жаш Жавлонбек менен Зилола үйлөнүү той күнү батаны жол жээгинде алышты. Жолдун аркы бетинде Зилоланын тажикстандык таенеси, таежеси, таякелери тойго катыша албаса да эки жашка бата берип, каалоо-тилектерин айтышты. “[Аралык] беш метр. Читать дальше...

Салымбеков: Тойдогу ашыкча чыгымдан уялышыбыз керек

Azattyk.org 

Ноябрдын башында “Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков өлкөдө өтүп жаткан тойлорго байланыштуу өзүнүн пикирин социалдык тармакта билдирди. Анын демилгеси коомдо кызуу талкууга алынып, бир топ резонанс жаратты. Мындан тышкары өз интервьюсунда Аскар Салымбеков Оштогу көкбөрү оюнундагы түшүнбөстүктөр, күрөшкө мамиле, кыргыз футболунун азыркы абалы тууралуу суроолорго да жооп берди.

Пашинян ЖККУнун Минск саммитине катышпасын айтты

Azattyk.org 

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Беларусту Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун саммитине келбесин кабардар кылды. Жыйын 23-ноябрда Минскиде өтмөкчү. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы жазды. Маалыматка ылайык, армян премьери уюмдун калган мүчөлөрү “бул чечимди түшүнүү менен кабыл алышат” деп үмүттөнөрүн айтты. Армениянын жетекчилери 2009-жылдан бери мындай саммиттерге калтырбай катышып келген. Саясат таануучулар Армения муну менен КМШ жана ЖККУдагы өнөктөштөр Тоолуу Карабактагы окуялар маалында колдоо көрсөтпөгөнүнө... Читать дальше...

Кыргызстанда 740 миңдей наристе бакчага барбайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев бүгүн, 14-ноябрда Бишкектеги Касым жаңы конушунда жаңы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып айтты. Анын айтуусунда, бала бакчалар менен камсыз кылуу максатында жаңы пилоттук долбоор ишке кирди. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, Касым жаңы конушунда ачылган "Шоола" бакчасында балдардын уктоочу, ойноочу жана окуй турган жайлары бир жерде болот. Читать дальше...

Кыргызстандан 51 килограмм алтын куйма чыгарып бараткан адам кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандан 51 килограмм 866 грамм алтын куймаларын аткезчилик менен чыгарып кетүүгө шек саналып чет мамлекеттин жараны кармалганын билдирди. Мекеме шектүү коррупциялык схемаларды жоюу, контрабандага жана көмүскө каражатты адалдоого багытталган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө “Манас” эл аралык аэропортунда колго түшкөнүн кабарлады. Атайын кызмат чет элдик жеке ишкерлер алтын куймаларын аткезчилик жол менен... Читать дальше...

Экс-депутат Жаныбек Бакчиев камакка алынганы белгилүү болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 25-октябрдагы чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынганы белгилүү болду. Маалыматты райондук сот 14-ноябрда “Азаттыкка” ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, сот атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Жаныбек Бакчиевди 23-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Биринчи Май райондук соту Жаныбек Бакчиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын... Читать дальше...

Ош: депутаттар Жетигеновду жерип жатабы?

Azattyk.org 

Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жетигенов муну жеке кызыкчылыктарга байлады. Ош шаардык кеңешинин жашыруун добуш берүүсүнө 42 депутат катышты. Жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы чыкты. Депутаттар андан тышкары вице-мэрлерди кызматтан алуу сунушун берип, фракция лидерлери аларды колдогон. Депутаттар шаардык кеңештин токтому аткарылбай жатканын жүйө келтирген. Депутаттар бул маселе мурда да талкууланганын айтышууда. Читать дальше...

Репрессияны көргөн, согушта туткунга түшкөн Такырбашев

Azattyk.org 

Касымаалы Такырбашев - совет өкмөтү курулган алгачкы жылдары куугунтукталып, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, кийин акталган, ошол эле учурда “согуш ардагери” макамына ээ болгон кыргызстандык.

18 жылга кесилген Карим Масимовго дагы эки иш козголду

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып 18 жылга кесилген Карим Масимовго арам акчаны адалдоо жана паракорлук беренелери менен дагы эки иш козголду. Бул тууралуу «Казинформ» маалымат агенттиги жазды. Кабарга ылайык, сотко чейинки териштирүү жүрүүдө, Масимовду колониядан Астана шаарынын коопсуздук комитетинин тергөө абагына которушту. Быйыл апрелде кошуна өлкөнүн соту мурдагы жетекчини мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу... Читать дальше...

Шакиев Кыргызстан Газадагы согушка тынчсызданып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 14-ноябрда Палестин автономиясынын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү Жавад Авад менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Нурланбек Шакиев Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын айтып, чыр-чатактын тезирээк токтошуна тилектеш экенин билдирди. "Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын... Читать дальше...

Жугуштуу ооруларга бекер текшерилүү долбоору башталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир катар жугуштуу ооруларга бекер текшерилүү акциясы башталганын бүгүн 14-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 13-25-ноябрь күндөрү бардык каалоочулар кызылча, кызамык, тепме, коронавирус жана гепатиттин А, В, С, D, Е түрлөрүнө иммунитети бар же жогун бекер текшерте алышат. Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын Роспотребнадзор мекемеси биргелешип уюштуруп жаткан илимий долбоор Коомдук саламаттык боюнча улуттук институттун базасында өткөрүлүүдө. Читать дальше...

Бишкекке Manas Tower 45 комплекси курулат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 14-ноябрда Бишкекте көп функциялуу Manas Tower 45 комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды. Президенттин басма сөз кызматы мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында биринчи курулуп жатканын, аны президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор саларын билдирди. Курулушу 2,5-3 жылда бүтөрү пландалып жаткан комплекске чет элдик кайсы инвесторлор тартылганы ачык айтылган жок. Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана... Читать дальше...

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн бошоткон судья кызматтан алынды

Azattyk.org 

Селекция айылында аялына мыкаачылык менен зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсүн камакка албай, пробациялык негизде бошоткон Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов кызматтан алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 1-ноябрда кол койгон. Судьялар кеңеши президентке аны кызматтан алуу сунушун октябрь айында берген. 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Читать дальше...

Газадагы ири оорукананын жанына израилдик танктар топтолду

Azattyk.org 

Газадагы ири оорукананын жанына израилдик танктар топтолгону кабарланды. БУУнун эсеби боюнча, Аш-Шифа комплексинде миңдеген, балким 10 миңдей киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз жер которгондор бар болушу ыктымал. Салгылашуулар жүрүп жаткандыктан, алар ошол жерден чыга албай турушат. Дарыгерлер эң керектүү каражаттар, күйүүчү май, суу түгөнүп баратканын, оор абалдагылардын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып коңгуроо кагышууда. Израил АКШ жана Евробиримдикте террордук деп таанылган... Читать дальше...

УКМК Анвар Габбазов ЦУМдун ээси экенин билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык издөө жарыяланган ишкер Анвар Габбазовдун Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун (ЦУМ) ээси экендигин тастыктаган маалымат жиберди. Коопсуздук кызматы айрым маалымат каражаттары "Габбазов ЦУМдун ээси эмес" деп жазганына жооп кылып, бир катар далилдерди келтирген. Ага ылайык, “Айчүрөк” ачык акционердик коомунун (ААК) негиздөөчүлөрү - “ЦУМ Холдинг” ААКсы (44% үлүш) жана “Башкы Универсал Дүкөн” ААК (47% үлүш), уставдык капиталдын 8% үлүшү жеке адамдарга таандык. Читать дальше...

"Мекендештер - 2023": Мигранттар инвестиция салууга кепилдик сурашты

Azattyk.org 

14-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Мекендештер-2023" форумунда Кыргызстанга инвестиция салууда кепилдик жана ишеним боюнча маселе бар экени айтылды. Форумга Татарстандын Казань шаарынан келген "Жарандарга юридикалык жана социалдык жардам берүү борбору" уюмунун президенти Закир Сариев мамлекет мекендештердин капиталын өлкөгө тартуу үчүн алгач ишеним пайда кылышы керектигин айтты. "Убагында бир кыргызстандык Казанга барып, тигүү фабрикасын ачкан. Жакында эле ошол фабриканы Өзбекстанга көчүрүп келди. Читать дальше...

Келерки жылга ажылык сапарга каттоо аяктады

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2024-жылы ажылык сапарга барууну каалоочуларды каттоо аяктаганын билдирди. Муфтияттын сайтындагы маалыматка ылайык, келерки жылы ажыга баруучулар РСК банк аркылуу алгачкы төлөмдөрүн төлөштү. Ага ылайык, 13-ноябрга карата 6 524 адам 2 миң доллар өлчөмүндөгү төлөмдү жана миң сомдук кайтарымсыз акчаны банкка төгүштү. Ушуну менен ажылык сапарга төлөм кабыл алуу жана каттоо токтотулду. Кыргызстанда келерки жылкы ажылык сапарга баруучуларды каттоо 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөрү кабарланып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *